Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П.Тулендыбаев, Г.Асылбаева демилгелеген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 4-январындагы № 2166-VI токтому менен экинчи окуу режимине кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

28-03-2018 14:25

2- окууга долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

171-берененин 2-бөлүгүндөгү “салык төлөөчү төлөгөн жана документ түрүндө тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет” деген сөздөр “же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документ жөнүндө тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 647