Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2018-жылдын 27-мартынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

03-04-2018
13:40

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 27-марты                                                    14 саат 00 мүнөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары А.Юсуров

           Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Гаипкулов И.Т., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Осмонова А.Ш., Сурабалдиева Э.Ж., Абжалиев А.Т., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен).

Бардыгы: 12-депутат, анын ичинде кеңеш добушу менен-2.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К.(ишеним добуш берилген С.Айдаровдо),  Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).

Жыйналышка чакырылгандар:

Орозова Карамат Бабашевна, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович; Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич; Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы №575 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу жол-жобосуна кайтып келүү)

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – Осмонова Айнура Шермаматовна,Орозова Карамат Бабашевна.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412 «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министриНовиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович.

5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” 2012-жылдын 22- февралындагы №7 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы жөнүндө

Жумушчу топтун жетекчиси,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыЖапаров Акылбек Усенбекович.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

7. Ар кандай маселелер.

2015-2017-жылдарга салыктык текшерүүлөрдү өткөргөндүгү боюнча Салыктык текшерүүлөрдү талдоо жана пландоо башкармалыгынын жана МСКнын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы О.Абдыкаимовдун маалыматы.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Күн тартиби жана ар кандай маселелер боюнча сунуштар:

Депутат Г.Асылбаева 2015-жылдын 10-ноябрында №763 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ”Камсыздандыруу төлөмдөрдүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө контрол кылуу максатында  депутаттык суроо-талап жөнөткөн.Ошондуктан аталган маселени эмки жыйынга чыгарып коюну сунуштады.

Депутат И.Гаипкулов 7-маселени: 2015-2017-жылдарга салыктык текшерүүлөрдү өткөргөндүгү боюнча Салыктык текшерүүлөрдү талдоо жана пландоо башкармалыгынын жана МСКнын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы О.Абдыкаимовдун маалыматын күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анткени азыркы учурда текшерүү иштери журуп жатат жана жыйынтыгы боюнча кароо керектигин билдирди.

Комитеттин төрагасынын орун басары А.Юсуров күн тартибин добушка койду. Күн тартиби түшкөн сунуштар менен  кабыл алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

Комитетин жыйынында каралган маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы №575 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу жол-жобосуна кайтып келүү)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – Осмонова Айнура Шермаматовна.

Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Осмонова. Сунуш: Гаипкулов.

Комитет жактырды жана  добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович.

 Суроо-жоопко катышкандар: Муканбетов, Новиков, Абдыкаимов, Мамашова, Жапаров, Байбакпаев, Бекешев.

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412 «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министриНовиков Артем Эдуардович.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Кулматов Кубанычбек Кенешович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;

Суроо-жоопко катышкандар: Муканбетов, Гаипкулов, Бекешев, Новиков, Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары - Адилбек уулу Шумкарбек, Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Орозбеков,  Сурабалдиева, Байбакпаев, Осмонова, Жапаров, Юсуров, мүлк фондунун орун басары А.Бекбоев.

Талкуулоонун негизинде, Комитет аталган токтомунун аткарылышын эске алып жана толук аткарылышын бир айга кийин кароону  чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” 2012-жылдын 22- февралындагы №7 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министриНовиков Артем Эдуардович.

Жумушчу топтун жетекчиси,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыЖапаров Акылбек Усенбекович.

Суроо - жоопко катышкандар: Масабиров, Муканбетов. Байбакпаев, Жапаров.

Талкуулоонун негизинде, Комитет жаңы мыйзам долбоорун 2018-жылдын 16-апрелине чейин аткарууну сунуштап чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңеште өкүлчүлүгүгнүн экперти А.Абытов бул маселени күн тартибинен алып салууну жана кийинки жыйынга жылдырууну суранды.

Комитет добуш менен макулдугун берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

Депутат Э.Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кемероводогу кайгылуу окууяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө соода-жай борборлорун абалын текшерүүнүн зарылдыгын билдирди.

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              А. Юсуров

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.