Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 3-апреля 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары
Д. Бекешев
Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Арапбаев А.А., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Гаипкулов И.Т., Мамашова А.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен),
Бардыгы: 9-депутат, анын ичинде кеңеш добушу менен-1.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Макеев Н.К. (ишеним добуш берилген С.Айдаровдо), Юсуров А.Л.(Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен жолудугушуда болду), Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш. (ишеним добуш берилген А. Арапбаевге), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка чакырылгандар: Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович.
Кун тартибиндеги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24882/17 15.12. 2017-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич;
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).
4. Бир тарабынан Евразиялык экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери, экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы сода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
5. Бир тарабынан Евразиялык экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери, экинчи тарабынан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин сода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун долбоору.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна.
7. «Камсыздандыруу төлөмдөрдүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы №763 токтомунун аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;
Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович.
8. Ар кандай маселелер.
Күн тартиби боюнча сунуштар түшкөн жок.
Комитеттин төрагасынын орун басары Д. Бекешев күн тартибин добушка койду. Күн тартиби добуш менен кабыл алынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Комитетин жыйынында каралган маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24882/17 15.12. 2017-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Суроо-жооп, сунуштар болгон жок. Комитет жогоруда аталган маселели экинчи окууда добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет маселени добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитетке 2017-жылдын 20-апреля №133-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Жогорку Кеңештин депутаты Т.Зулпукаров социалдык объектилердин курулушунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдөгү бузуулар жөнүндө маселени көтөрдү).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич;
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович (протоколдук тапшырманын демилгечиси).
Сунуш киргизди: депутат Бекешев бул маселе актуалдыгын жоготту жана Комитеттин көзөмөлүнөн алып салууга сунуш киргизип жана демилгечи депутат Зулпукаров макулдугун бергенин белгиледи. Депутат Жапаров кийинкиде баяндамачыларды жазуу жузундө чакыруунун керектигин билдирди. Комитет добуш менен бул маселени көзөмөлдөн алып салуу боюнча чечим чыгарды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
4. Бир тарабынан Евразиялык экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери, экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы сода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.Суроо берди: Арапбаев, Жапаров, Бекешев, Асылбаева, Гаипкулов, Мамашова. Жооп: Новиков.
Сунуш: 1) депутат Гаипкулов ушундай макулдашуулар боюнча алдын ала Комитет менен таанышуу максатында иштер жургузүү керектигин билдирди;
2) депутат Жапаров мамлекетибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн Өкмөткө механизм чыгаруу керектиги боюнча тапшырма берди.
Ушул аталган эки сунуш менен, Комитет макулдашуунун долбооруна макулдугун берди жана добуш менен чечим чыгарды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
5. Бир тарабынан Евразиялык экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери, экинчи тарабынан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин сода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
Суроо-жооп болгон жок. Комитет маселени добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна.
Сунуш: негизги баяндамачы келген жок, ошондуктан депутат Арапбаев негизги баяндамачылар келгенде бул маселе кароо керектигүү боюнча сунуш киргизди.Бул сунуш Комитет тарабынан колдоого добуш менен алынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
7. «Камсыздандыруу төлөмдөрдүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы №763 токтомунун аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;
Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович.
Суроо-жоопко катышты: Асылбаева, Сурабалдиева, Арапбаев, Бекешев, Гаипкулов, Абдыкаимов, Новиков, Мамашова, Ирсалиев (социалдык фондунун торагасынын орун басары).
Комитет аталган токтомудн аткарылышын 2018-жылдын 1-июнунуа чейин добуш менен узартты.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
8. Ар кандай маселелер.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын орун басары Д. Бекешев
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.