Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 17-апрели 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары
Д. Бекешев
Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К.(2-кошумча добуш), Мамашова А.Т.(1-кошумча добуш), Сурабалдиева Э.Ж. (1-кошумча добуш).
Бардыгы: 5-депутат, кошумча добуш -5.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Макеев Н.К., Юсуров А.Л.(ишеним добуш берилген Г.Асылбаевага), Арапбаев А.А., Айдаров С.А.(ишеним добуш берилген Г.Асылбаевага), Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш. (ишеним добуш берилген Э.Сурабалдиевага), Гаипкулов И.Т.(ишеним добуш берилген А.Мамашовага), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович.
Кун тартибиндеги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Отчету жөнүндө.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Новиков Артем Эдуардович;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович.
6. Ар кандай маселелер.
Күн тартиби боюнча сунуш:
Депутат Г.Асылбаева 1-маселени “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Отчету жөнүндө” кароону жана калган маселелерди кийинки жыйында кароону сунуштады.
Депутат А.Мамашова 2-маселени “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга) “жана
3-маселени “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (үчүнчү окууга) “ маселелерди кароону сунуштады.
Комитет добуш менен макулдугун берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Комитетин жыйынында каралган маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Отчету жөнүндө.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Новиков, Мамашова, Муканбетов, Сурабалдиева.
Комитет бул маселе боюнча депутат Д.Бекешевдин сунуштарын эске алып жана канааттандыруу баалап добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы-1 (Мамашова) жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.
Сунуш: депутат Д.Бекешев 2-беренеге“Ушул мыйзам расмий жарыялангандан тартып15-күндөн кийин күчүнө кирет” деп редакциялык өзгөртүү киргизди.
Комитет добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы №562 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Новиков Артем Эдуардович.
Суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Новиков.
Комитет добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын орун басары Д. Бекешев
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.