Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 15-майы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев
Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К.( 2 кошумча добуш), Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Гаипкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р.(1 кошумча добуш), Сурабалдиева Э.Ж.( 1 кошумча добуш), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен).
Бардыгы: 9-депутат (1-кеңеш добуш менен), кошумча добуш -4.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Айдаров С.А.(ишеним добуш берилген Н.Макеевге), Арапбаев А.А. (ишеним добуш берилген Н.Макеевде), Абжалиев А.Т. (ишеним добуш берилген П.Тулендыбаевде), Осмонова А.Ш.(ишеним добуш берилген Э.Сурабалдиевага), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек Калилович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигинин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич
Кун тартибиндеги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24882/17 15.12. 2017-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган “ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-августундагы №461 токтому менен жактырылган «Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек Калилович.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы №703 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары – Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы №78 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары – Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке 2018-жылдын 12-апрелиндеги №195-VI протоколдук тапшырмасы.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигинин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич
10. Ар кандай маселелер.
Улуттук демократиялык институттун (NDI) өз ишмердүүлүгү тууралуу презентациясы.
Күн тартиби боюнча сунуштар: Депутат И.Гаипкулов 4-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Депутат Г.Асылбаева “ар-кандай” маселелерге кошумча фискализация кароону сунуштады.
Комитет тарабынан түшкөн сунуштар добуш менен жактырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Комитетин жыйынында каралган маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24882/17 15.12. 2017-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Суроо-жооптор болгон жок. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы №738 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Суроо берди депутат А.Жапаров.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
Депутаттар негизги баяндамачы келген жоктугуна байланыштуу бул маселени кийинки жыйынга кароону сунуштады. Комитет добуш менен макулдугун берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-августундагы №461 токтому менен жактырылган «Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Калилов Жамшитбек Калилович.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович баяндама кылды. Суроолор болгон жок. Комитет бул маселени жактырды жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы №703 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары – Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич.
Сунуш жана суроо-жоопко катышкандар: Бекешев, Макеев, Абытов (Өкмөт өкүлчүлүгү), Сурабалдиева, Мамашова, Жапаров. Талкулоонун негизинде ушул жана
6-маселе: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы №78 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору, кийинки жыйынга добуш менен жылдырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович.
Комитет тиешелүү маалыматты эске алды жана токтомдун аткарылышын 2018-жылдын 1-сентябрынан чейин жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул- баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке 2018-жылдын 12-апрелиндеги №195-VI протоколдук тапшырмасы.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигинин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич
Суроо-жоопко катышкандар: депутат Жунус уулу Алтынбек, Бекешев, Панкратов ( экономика министри), Асылбаева, Гаипкулов, Юсуров. Талкуулоонун негизинде бул маселени Комитет эки жума кийин кароого добуш менен калтырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
9. Ар кандай маселелер.
Улуттук демократиялык институттун (NDI) өз ишмердүүлүгү тууралуу презентациясы.
Сунуш киргизди депутат Бекешев.Комитет бул презентацияны эске алды.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Н. Макеев
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.