Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 22-майы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Кадыкеев
Жыйналышка катышып олтургандар: Кадыкеев Н.К.( 1 кошумча добуш), Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К.(1 кошумча добуш), Айдаров С.А., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Гаипкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р.(1 кошумча добуш), Сурабалдиева Э.Ж.( 1 кошумча добуш), Осмонова А.Ш., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Келдибаев С.А., Кыдыралиев У.Т.
Бардыгы: 14-депутат (2-кеңеш добуш менен), кошумча добуш -2.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Юсуров А.Л. (ишеним добуш берилген Г.Асылбаевада), Арапбаев А.А. (ишеним добуш берилген Н.Кадыкеевде), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( кеңеш добуш менен).
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Исмаилова Аида Жекшенбаевна, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Омурбекова Алтынай Сейитбековна.Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жумагулов Султанбек Жумагулович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич,Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын президенти – Шаршекеев Марат Дуйшебаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын башчысы – Джумагазиев Канат Сагынович.
Кун тартибиндеги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы №703 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы №78 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.М.Нурбаев, Дж.А.Бакчиев, А.К.Касымалиева, Ж.К.Акаев, П.Р.Тулендыбаев, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков жана К.Б.Орозова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынан (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6- 23941/17 06.12.2017-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Исмаилова Аида Жекшенбаевна.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1801-VI “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө” токтомунун аткарылышы.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Омурбекова Алтынай Сейитбековна.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жумагулов Султанбек Жумагулович
Министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович.
8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич.
9. «Кыргыз Республикасынын соода-өнөржай палатасынын түштүк департамент» Мекемесинин директорунун орун басарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын президенти – Шаршекеев Марат Дуйшебаевич.
10. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 12-октябрындагы №17-168 тапшырмасына ылайык ведомстволор аралык буйрук менен түзүлгөн биргелешкен мобилдик топтун ишинин жыйынтыгы жөнүндө».
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;
КР ИИМнин Жол кыймылынынкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын башчысы – Джумагазиев Канат Сагынович.
11. Ар кандай маселелер.
А) «2018-жылга туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү жөнүндө» темасында «өкмөттүк саат» өткөрүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.
Б) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору
Кун тартиби добушка коюлду.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Күн тартиби боюнча сунуштар: депутат А.Исмаилова 4-маселени жеткире иштеп чыгуу максатында күн тартибинен алып салууну кат менен кайрылган.
Комитет бул сунушту добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Комитетин жыйынында каралган маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы №703 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.
Суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Бекешев, Кадыкеев,Сурабалдиева.
Талкулоонун негизинде Комитет жактырды добуш менен.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы №78 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.
Сунуш, суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Тулендыбаев, Жапаров, Бекешев, Кадыкеев, Масабиров, Мамашова, Кыдыралиев. Талкулоонун негизинде Комитет жактырды добуш менен.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү , каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Сунуш, суроо-жоопко катышкандар: Асылбаева, Жапаров, Бекешев,Сурабалдиева, Масабиров, Орозбеков (КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агентинин директору), Осмонова, Мамашова. Комитет 1-окууда бул мыйзам долбоордун концепциясын добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Суроо берди депутат Аслыбаева. Комитет добуш менен 1-окууда жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1801-VI “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө” токтомунун аткарылышы.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Омурбекова Алтынай Сейитбековна.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жумагулов Султанбек Жумагулович
Министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович.
Сунуш, суроо-жоопко катышкандар: Гаипкулов, Бекешев, Масабиров, Асылбаева, Мамашова, Осмонова, Жаманкулов, Тулендыбаев, Алимбаев (КРнын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары), Кадыкеев, Сурабалдиева, Кыдыралиев.
Комитет токтомдун аткарылышын улантып чечим добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
6. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
7. «Кыргыз Республикасынын соода-өнөржай палатасынын түштүк департамент» Мекемесинин директорунун орун басарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын президентинин орун басары – Апысова Римма.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
8. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 12-октябрындагы №17-168 тапшырмасына ылайык ведомстволор аралык буйрук менен түзүлгөн биргелешкен мобилдик топтун ишинин жыйынтыгы жөнүндө».
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;КР ИИМнин Жол кыймылынынкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын башчысы – Джумагазиев Канат Сагынович.
Суроо-жоопко катышкандар: Сурабалдиева, Абдылдаев (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери-оперативдик бөлүмүнүн башчысы),Гаипкулов, Келдибаев, Бекешев, Осмонова, Кадыкеев.
Комитет, депутаттар Гаипкуловдун, Бекешевдин сунуштары менен бажы кызматынын маалыматын эске алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
9. Ар кандай маселелер.
А) «2018-жылга туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү жөнүндө» темасында «өкмөттүк саат» өткөрүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору. Чечим добуш менен кабыл алынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Б) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.
Комитет парламенттик угууну 2018-жылдын 8-июнунда өткөрүүлсүн деп чечти.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы Н. Кадыкеев
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.