Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2018-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

31-05-2018
10:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 29-майы                                                  14 саат 00 мүнөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н. Кадыкеев

           Жыйналышка катышып олтургандар: Кадыкеев Н.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л.,  Асылбаева Г.К., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р.,Осмонова А.Ш., Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).

Бардыгы: 10-депутат , кеңеш добуш менен -2.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Арапбаев А.А.,  Айдаров С.А., Гаипкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( кеңеш добуш менен).

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Бакиров Мирлан Исакбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Исаков Музаффар Ахматходжаевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович.

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-сентябындагы № 548 токтому менен жактырылган «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

3. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 794 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 605 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилген) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, К.Нурматов, Э.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.Жамалдинов, М.Мадеминов, Б.Райымкулов тарабынан демилгеленген «Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору(кир. № 6-22945/17 23.11.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Бакиров Мирлан Исакбекович.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы №712 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору(кир. № 6-9118/18 08.05.2018-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Исаков Музаффар Ахматходжаевич.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №172 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын экономикалык  кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;

10. «2018-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

11. Ар кандай маселелер.

Кун тартиби добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

Күн тартиби боюнча сунуштар: депутат П.Тулендыбаев 9-маселени биринчи иретте кароону сунуштады, депутат Г.Асылбаева “ар кандай” маселелерге кошумча  “ички соода жөнүндө” парламенттик угуу өткөрүү тууралуу маселе сунуштады, улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов 10- маселени биринчи иретте кароону суранды,  депутат М.Исаков 8-маселени биринчи иретте кароону суранды, депутат Д.Бекешев “ар кандай” маселелерге кошумча “салык эмес төлөмдөр боюнча” парламенттик угуу өткөрүү боюнча чечимди жокко чыгарууну сунуштады.

Комитет бул сунуштарды добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

Комитетин жыйынында каралган маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-сентябындагы № 548 токтому менен жактырылган «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Комитет аталган маселени добуш менен жактырды.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

Депутат Бекешев сунуш бергендигин билдирди. Комитет добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

3. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 794 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 605 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилген) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Талкуулоого катышкандар: Бекешев, Жапаров, Тулендыбаев, Асылбаева, Кадыкеев, Касымалиев (финансы министри), Асылкулов (салык кызматынын төрагасынын орун басары), Жапаров. Комитет 2-окууда сунуштар менен жактырды .

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

Талкуулоого катышкандар: Тулендыбаев, Бекешев, Жапаров, Гончарова (Дуйнөлүк банктын специалисти), Юсуров, Мамашова, Осмонова, Байбакпаев, Жакыпбаев (Кыргыз аэронавигация), Асылбаева, Абакиров (экономика министринин орун басары). Комитет кийинки жыйынга чейин толуктап иштеп чыгууну сунуштады.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, К.Нурматов, Э.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.Жамалдинов, М.Мадеминов, Б.Райымкулов тарабынан демилгеленген «Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору(кир. № 6-22945/17 23.11.2017-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Бакиров Мирлан Исакбекович.

Депутат Г. Асылбаева 2-окууга чейин толуктап иштеп чыгууну сунуштады. Депутат Бакиров макул болду. Комитет бул маселени 1-окууда добуш менен жактырды.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович

Суроо берди депутат  Асылбаева. Жоопко катышты: К. Тайлаков (монополияга каршы кызматы). Комитет кийинки жыйынга кароого жылдырды, анткени жооптор канаттандырарлынган жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы №712 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик алым жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна.

Cуроо берди депутат Жапаров. Комитет биринчи окууда жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, Ж.Акаев, М.Исаков, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору(кир. № 6-9118/18 08.05.2018-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Исаков Музаффар Ахматходжаевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Жапаров, Муканбетов (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы), Бекешев, Молдокулов (ассоциациянын президенти). Комитет биринчи окууда жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №172 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын экономикалык  кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;

Суроо-сунушка катышкандар: Жапаров, Кадыкеев, Бекешев, Тулендыбаев, Асылбаева. Комитет биринчи окууда добуш менен сунуштарды эске алып жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

10. «2018-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Комитет Делойт жана Туш компаниясын тышкы аудитор кылып добуш менен бекитти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

11. Ар кандай маселелер.

А) Парламенттик угуу өткөрүүнү “салык эмес төлөмдөр боюнча”жокко чыгаруу.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.

Б) 2018-жылдын 26-июнунда “ички соода тууралуу” боюнча парламенттик угуу өткөрүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок;

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  Н. Кадыкеев

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.