Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 26-июну 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы C. Айдаров
Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А. (2 кошумча добуш), Асылбаева Г.К., Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т., Сурабалдиева Э.Ж. (1 кошумча добуш), Тулендыбаев П.Р., Гаипкулов И.Т., Осмонова А.Ш., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен).
Бардыгы: 9-депутат, кеңеш добуш менен -1.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Бекешев Д.Д. , Арапбаев А.А., Мамашова А.Т., Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен),Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.( кеңеш добуш менен).
Жыйналышка чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Уланбек Бердибаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Разаков Жениш Парпиевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джамшитов Өткүрбек Асилбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы – Жунушев Жолдошбек Маликович, Бишкек шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы – Кененбаев Алмаз Муканович.
Кун тартибиндеги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№ 6-14230/16 31.05.2016-ж.) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(үчүнчү окууга). Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган “ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №218 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №219 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров, Т.Зулпукаров, Ч.Турсунбеков, А.Сулайманов тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12906/18 19.06.2018-ж.).Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана С.Келдибаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-11303/18 01.06.2018-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Примов тарабынан демилгеленген «Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана алардын Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүгүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Уланбек Бердибаевич.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-майындагы №223 токтому менен жактырылган «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
10. «1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кош салыкты болтурбоо жана киреше салыгына карата салык төлөбөөгө жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» протоколдун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пиикири менен келген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Абдылдаева Айнур Нуралиевна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич.
12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Н.М.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Разаков Жениш Парпиевич; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Н.М.
14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 2369-VI «Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джамшитов Өткүрбек Асилбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы – Жунушев Жолдошбек Маликович;Бишкек шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы – Кененбаев Алмаз Муканович.
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы №624 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович.
17. «Инвестициялык конкурстук тандап алууну өткөрүү жөнүндө методиканы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович.
19. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев, А.Дюшалиев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. № 6-11385/18 04.06.18-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.
20. Ар кандай маселелер.
Кун тартиби добушка коюлду. Түшкөн сунуштар:
Депутат У. Примов 8-маселени биринчи иретте кароону сунуштады. Депутат И. Гаипкулов 19-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Депутат Г.Асылбаева 11-маселени жеткире иштеп чыгуу максатында күн тартибинен алып салууну сунуштады. Сунуштар добуш менен кабыл алынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Комитетин жыйынында каралган маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№ 6-14230/16 31.05.2016-ж.) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген (кир.№6-111465/17 24.05.2017-ж.) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору).(үчүнчү окууга). Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович;Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №793 токтому менен жактырылган “ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорлору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Примов тарабынан демилгеленген «Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана алардын Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүгүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Примов Уланбек Бердибаевич.
Суроо, сунуш берди: Абжалиев, Байбакпаев, Гаипкулов, Юсуров, Сурабалдиева, Осмонова, Асылбаева.
Жооп берди: Финансы министринин орун басары-Кармышаков, Салык кызматынын төрагасынын орун басары –Асылкулов, Россия-кыргыз өнүгүү фонддун башкармалыгынын төрагасы –Асрандиев.
Комитет Гаипкулов, Асылбаева, Юсуров, Осмонова тарабынан түшкөн сунуштар менен добушка коюп, жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №218 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.
жана
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №219 токтому менен жактырылган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кадыралиев Айбек Джумабаевич.
Суроо жана сунуш берди: Тулендыбаев, Осмонова, Мамашова, Сурабалдиева, Юсуров.
Комитет төмөнкү 5 жана 6 маселелерди добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Андан тышкары аталган эки маселелер боюнча Өкмөт тарбынан Абытов 3-окууда колдоону суранды. Комитет макулдугун берди жана 3-окууда добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров, Т.Зулпукаров, Ч.Турсунбеков, А.Сулайманов тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12906/18 19.06.2018-ж.).Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.
Бул маселе боюнча негизги баяндамачы келген жоктугуна байланыштуу Комитет кийин кароого добуш менен калтырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана С.Келдибаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-11303/18 01.06.2018-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.
Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-майындагы №223 токтому менен жактырылган «Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Кармышаков Улукбек Тойчуевич.
Сунуш, суроо берди: Асылбаева, Байбакпаев. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
10. «1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кош салыкты болтурбоо жана киреше салыгына карата салык төлөбөөгө жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» протоколдун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.
Сунунш берди: Юсуров. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Н.М.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Рыскулов Уланбек Дуулатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.
Талкууго катышкандар: Гаипкулов, Айдаров, Осмонова, Юсуров, Аскаров ( вице-премьер –министр), Асылбаева, Абакиров( экономика министринин орун басары), Тулебердиев( мүлк фондунун башчысы). Комитеттин төрагасы Айдаров сентябрь айында мүлк фондунун отчетун кароону сунуштады.
Комитет бул маселе боюнча Өкмөт кылган иш жетишсиз жана 7-пункт боюнча комиссия түзүлсүн, ошондой эле, мүлк фондунун отчету сентябрь айында каралсын деп чечти.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Разаков Жениш Парпиевич; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Н.М.
Талкууго катышкандар: Асылбаева, Байбакпаев, Осмонова, Айдаров, Сурабалдиева, Борубаев (Госстрой), Чодуев (айыл чарба министрини орун басары), Гаипкулов. Комитет аталган токтомдун аткаруу мөөнөтүн 2018-жылдын октябрь айына чейин добуш менен узартты.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 2369-VI «Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джамшитов Өткүрбек Асилбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы – Жунушев Жолдошбек Маликович;Бишкек шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы – Кененбаев Алмаз Муканович.
Суроо – жоопко катышкандар: Гаипкулов, Сурабалдиева, Осмонова, Асылкулов (салык кызматы), Абдыгулов (улуттук банк), Асылбаева. Комитет түшкөн маалыматты эске алды жана 2018- жылдын 1-октябрына чейин токтомдун толук аткаруу мөөнөтүн добуш менен узартты.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Орозбеков Алымбек Асылбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Сунуш берди: Гаипкулов, Байбакпаев, Сурабалдиева, Асылбаева. Комитет аталган токтомдун аткаруу мөөнөтүн добуш менен узартып берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы №624 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасыынын орун басары – Оморов Азамат Каныбекович.
Талкууго катышкандар: Гаипкулов, Асылбаева, Панкратов, Айдаров. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
16. «Инвестициялык конкурстук тандап алууну өткөрүү жөнүндө методиканы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Комитет добуш менен чечим кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри – Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович.
Сунуш, суроого катышкандар: Сурабалдиева, Осмонова, Гаипкулов, Асылбаева. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы , каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы С. Айдаров
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.