Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2018-жылдын 25-сентябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

26-09-2018
17:36

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 25-сентябры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын

                                                                                   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана

                                                                                   фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы

                                                                                   C. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А. (3 кошумча добуш), Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Гаипкулов И.Т., Абжалиев А.Т., Сурабалдиева Э.Ж.(1 кошумча добуш), Осмонова А.Ш.

 

Бардыгы: 7-депутат.

 

ЖыйналышкаКомитеттинмүчөлөрүнүничиндекатышпагандепутаттар:

Асылбаева Г.К. (ишеним добуш С.Айдаровдо), Арапбаев А.А. (ишеним добуш С.Айдоровдо), Мамашова А.Т.(ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Тулендыбаев П.Р. (ишеним добуш С.Айдоровдо), Байбакпаев Э.Дж.(кеңеш добуш менен), Жапаров А.У. (кенеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен),Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.(кеңеш добуш менен), Маматалиев М.А. (кенеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кенеш добуш менен).

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асаминдинович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору – Айтиев Бекболот Баратович.

 

 

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы №235 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асаминдинович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №142 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №174 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Өмүркулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Турак жай кодексине, «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-5462/18 22.03.2018-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-июнундагы №275 токтому менен жактырылган «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

 

6. «2019-жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №185 протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Момбеков тарабынан АРИСтин долбоорлорунун каржылануу боюнча маселеси көтөрүлгөн).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты - Момбеков Рыскелди Чыныбекович

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору – Айтиев Бекболот Баратович.

 

8. Ар кандай маселелер.

«Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – салык жеңилдиктерин берүүнүн эффективдүүлүгү» маселеси боюнча «парламенттик угууларды» өткөрүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

Кун тартиби добушка коюлду.Түшкөн сунуштар:

 

Комитеттин төрагасы 4-маселени: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Турак жай кодексине, «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады, анткени, демилгечи депутат И.Омуркулов кат менен артка чакырып алгандыгын билдирди.

Депутат И.Гаипкулов 1-маселени: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы №235 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кийинки жыйында кароону сунуштады, анткени, негизги баяндамачы Өкмөттун вице-премьери келиш керек деп билдирди.

Бул сунуштар Комитет тарабынан колдоого добуш менен алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Комитетин жыйынында каралган маселелер:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №142 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо-жоопко катышты: Айдаров, Гаипкулов. Депутат Гаипкулов колдоп кою сунушун киргизди. Комитет добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №174 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Сунуш  берди: Бекешев бул мыйзам долбоорду четке кагуу керек, анткени, 1-2 айдан кийин Кылмыш-жаза кодекси күчүн жоготот. Комитет бул сунушту колдоого алды жана добуш менен аталган маселени четке какты.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-июнундагы №275 токтому менен жактырылган «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Суроо беришти: Бекешев, Гаипкулов, Осмонова, Айдаров, Сурабалдиева. Талкуулоонун негизинде Комитет добуш менен жактрыды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. «2019-жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Бул маселени Комитет төрага Айдаровдун сунушу менен кийинки жыйында кароого калтырды, анткени Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абжапаров өзү келген жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-мартындагы №185 протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Момбеков тарабынан АРИСтин долбоорлорунун каржылануу боюнча маселеси көтөрүлгөн).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты - Момбеков Рыскелди Чыныбекович

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун аткаруучу директору – Айтиев Бекболот Баратович.

Суроо-жоопко катышты: Сурабалдиева, Баялиев (КӨИАнын директорунун орун басары), Осмонова, Айдаров.

Комитет Сурабалдиеванын сунушу менен бул маселенин көзөмөлүн бир айга узартты добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

6. Ар кандай маселелер.

«Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – салык жеңилдиктерин берүүнүн эффективдүүлүгү» маселеси боюнча «парламенттик угууларды» өткөрүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Комитеттин төрагасы Айдаров бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү кереги жоктугун белгилеп жана тийиштүү маалыматты Комитетин жыйынында жөнөтүү керектигин билдирди. Комитет 2019-жылдын 1-январына чейин ушул маселе боюнча маалымат алуу мөөнөтүн узартты.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршыжана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.