2018-жылдын 2-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

27-09-2018 15:47

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 2-октябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы №235 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асаминдинович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Осмомбетов Эмил Кубатович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Салиев Бахтияр Усманович

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев, А.Жунус уулу тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-10203/18 04.06.18-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, С.Айдаров, И.Гаипкулов, Д.Бекешев, А.Султанов жана Д. Исаева тарабынан демилгеленген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-17687/18 20.09.2018-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Джураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев жана Н.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-7871/18 20.04.2018-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Джайчыбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

6. «Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы №418 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

7. «2019-жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

8. «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы №1801-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри –Омурбекова Алтынай Сеитбековна.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору – Жаманкулов Азамат Капарович.

 

9. Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 10-майындагы №206 протоколдук тапшырмасынын аткарылыш жөнүндө (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Мавлянова тарабынан чакан жана орто ишкердикти санитардык эпидемиялык талаптарды төмөндөтүү жолу менен колдоо маселесин көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри –Омурбекова Алтынай Сеитбековна;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна

 

10. Ар кандай маселелер.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы №378-р буйругу менен түзүлгөн ведомствалар аралык комиссиянын чечиминин аткарылышына байланыштуу убактылуу комиссияны түзүү тууралуу» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2018-жылдын 26-июнундагы чечиминин аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Гайпкулов Искандер Торобаевич

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 1241