2018-жылдын 23-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

19-10-2018 08:57

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 23-октябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №142 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, А.Арапбаев, Т.Тиллаев, Ж.Мусабекова тарабынан (2017-ж. 19.10. кир. №6-20211/17) демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Асылбаева Гюльшат Кадыровна

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №217 токтому менен жактырылган "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" жана "Мамлекеттик мүлктүн маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович

 

5. «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору (“Республика-Ата Журт”парламенттик фракциясынын 2018-жылдын  1-июнундагы №228 чечими менен демилгеленген кир. 6-11693/18 2018-ж.06.06)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри –Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри – Калилов Жамшитбек Калилович;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу – Секимов Бактыбек Шайыкбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  депутаттар тобунун  өзүлөрүнүн укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына кайрылган адамдар үчүн сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүгү максатында мамлекеттик алымдардын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтүүнүн зарылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына кайрылуусу жөнүндө (КР ЖК депутаты Д.Бекешевдин каты  кир.№6-18885/18  04.10.2018).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабаевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Джаманкулов Марат Тургунбаевич

 

7. Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 1120