2018-жылдын 23-октябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

14-11-2018 16:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 23-октябры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын

                                                                                   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана

                                                                                   фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы

                                                                                   C. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А. , Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Алыбаев О.А., Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р. , Маматалиев М.А. (кенеш добуш менен).

 

Бардыгы: 10-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

 Арапбаев А.А., Гаипкулов И.Т., Осмонова А.Ш., Байбакпаев Э.Дж.(кеңеш добуш менен), Жапаров А.У. (кенеш добуш менен), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен),Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Джураев С.М.(кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кенеш добуш менен).

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сабиров Максат Эсенович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри –Касымалиев Адылбек Алешович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри – Калилов Жамшитбек Калилович; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу – Секимов Бактыбек Шайыкбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич.Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Джаманкулов Марат Тургунбаевич

 

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №142 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, А.Арапбаев, Т.Тиллаев, Ж.Мусабекова тарабынан (2017-ж. 19.10. кир. №6-20211/17) демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Асылбаева Гюльшат Кадыровна

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №217 токтому менен жактырылган "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" жана "Мамлекеттик мүлктүн маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович

 

5. «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору (“Республика-Ата Журт”парламенттик фракциясынын 2018-жылдын  1-июнундагы №228 чечими менен демилгеленген кир. 6-11693/18 2018-ж.06.06)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сабиров Макаст Эсенович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри –Касымалиев Адылбек Алешович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри – Калилов Жамшитбек Калилович;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу – Секимов Бактыбек Шайыкбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдиев Бактыбек Абышевич.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттар тобунун  өзүлөрүнүн укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына кайрылган адамдар үчүн сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүгү максатында мамлекеттик алымдардын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтүүнүн зарылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына кайрылуусу жөнүндө (КР ЖК депутаты Д.Бекешевдин каты  кир.№6-18885/18  04.10.2018).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри -Джаманкулов Марат Тургунбаевич

 

Кун тартиби добушка коюлду. Түшкөн сунуштар: депутат Бекешев Росинбанктын маселесин эки жумадан кийин жабык режиминде кароону сунуштады. Депутат Г.Асылбаева 5-маселени Комитетке түшкөн каттын негизинде күн тартибинен алып салууну жана кийинки жыйында карооону сунуштады.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Комитетин жыйынында каралган маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы №142 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Талкууга катышкандар: Бекешев, Сурабалдиева, Асылбаева.

Комитет добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Сунуш берди: Бекешев ушул мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгуу максатында 2 окуунун режимине кайтарууну белгиледи. Комитет сунушту колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, А.Арапбаев, Т.Тиллаев, Ж.Мусабекова тарабынан (2017-ж. 19.10. кир. №6-20211/17) демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Сунуш беришти: Асылбаева, Бекешев. Комитет добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №217 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” жана “Мамлекеттик мүлктүн маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович

Комитеттин төрагасы С.Айдаров, негизги баяндамачы келген жоктугуна байланыштуу бул маселени кийинки жыйында кароону сунуштады. Комитет макл болду жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  депутаттар тобунун  өзүлөрүнүн укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот органдарына кайрылган адамдар үчүн сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүгү максатында мамлекеттик алымдардын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтүүнүн зарылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына кайрылуусу жөнүндө (КР ЖК депутаты Д.Бекешевдин каты  кир.№6-18885/18  04.10.2018).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабаевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри –Джаманкулов Марат Тургунбаевич

Суроо, сунуш беришти: Бекешев, Асылбаева. Комитет макулдашуу иштери керектигине байланыштуу бир ай кийин кароого жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                   С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

 

Көрүүлөрдүн саны : 365