2018-жылдын 20-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

19-11-2018 13:46

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 20-ноябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтому менен жактырылган “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-5656/18, 26.03.18 ж.) (экинчи окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, С.Айдаров, У.Ормонов, А.Осмонова, Г.Асылбаева, А. Арапбаев жана Т.Масабиров тарабынан демилгеленген «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1605/18 25.01.2018-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Назаров Айтмамат Кошоевич

 Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногунжөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы - Муканбетов Санжар Турдукожоевич

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майында №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөрдү камсыздандыруучу мүчөлүк акылардын өз учурунда эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №449 токтому менен жактырылган «Биоотун жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри - Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 842