2018-жылдын 20-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

23-11-2018 15:18

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 20-ноябры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган   Кыргыз Республикасынын  Жогорку КеңешининЭкономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Д.Бекешев

 

Жыйналышка катышып олтургандар:  Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К., Алыбаев О.А., Юсуров А.Л., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Осмонова А.Ш.,Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 10-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Айдаров С.А. Абжалиев А.Т.,  Арапбаев А.А.

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Назаров Айтмамат Кошоевич, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногунжөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы - Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри - Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

 

Кун тартиби добушка коюлду. Сунуштар: Өкмөттүн өкүлү Абытов 2-маселени: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтому менен жактырылган “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-5656/18, 26.03.18 ж.) (экинчи окууга)

күн тартибинен алып салууну  жана

3-маселени: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров, С.Айдаров, У.Ормонов, А.Осмонова, Г.Асылбаева, А. Арапбаев жана Т.Масабиров тарабынан демилгеленген «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-1605/18 25.01.2018-ж.). боюнча, кароону кийинки жыйынга жылдырууну депутат Назаров кат жиберген.

Комитет макул берди добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Касымалиев Адылбек Алешович.

Суроо беришти: Жапаров, Тулендыбаев. Комитет добуш менен жакытырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Калган маселелер, баяндамачылар өз убагында келбегендигине байланыштуу, кийинки жыйынга жылдырылды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майында №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөрдү камсыздандыруучу мүчөлүк акылардын өз учурунда эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №449 токтому менен жактырылган «Биоотун жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри - Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                                     Д. Бекешев

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 424