2018-жылдын 27-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

23-11-2018 17:23

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 27-ноябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-6433/18 03.04.18 ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов жана Б.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-22461/18 16.11.18 ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мадеминов Мурадыл Ганыевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  төрагасы – Султанов Акылбек Шакирович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов жана Б.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-22461/18 16.11.18 ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мадеминов Мурадыл Ганыевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  төрагасы – Султанов Акылбек Шакирович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөрдү камсыздандыруучу мүчөлүк акылардын өз учурунда эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому менен жактырылган «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы №482 токтому менен жактырылган «Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы №479 токтому менен жактырылган «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору .

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №449 токтому менен жактырылган «Биоотун жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

 

9. “Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Осмонбетов Эмил Кубатович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

 

10. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 957