2018-жылдын 4-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

03-12-2018 12:46

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 4-декабрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы №624 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович

Приглашенные: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнун директору – Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Кадыкеев, П.Тулендыбаев, А.Жапаров, Э.Сурабалдиева жана А.Султанов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11505/18 05.06.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

5. “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2019-жылдын 7-февралында күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алган чаралары боюнча маалыматы.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13- сентябрындагы № 230-VI Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттерине тапшырма жөнүндө протоколдук тапшырмасы (депутат М.Мавлянова жарандардын сыртка жумуш издеп кеткендигине бөгөт коюш үчүн региондордо жумуш орундарын түзүү маселесин көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы – Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору – Адилбек улуу Шумкарбек.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна

 

7. Ар кандай маселелер.

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

 

2) Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иргөө бөлүмүнүн улук инспектору А.М.Дадаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Т.Ж.Абжапаровдун сунуштамасы)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

3) Мамлекеттик салык кызматынын Аксы району боюнча башкармалыгынын начальниги С.Д.Карабаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Аксы райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Мырзамамытовдун сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

4) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспекторуР.К.Молдокановду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысы А.Каримовдун сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

5) Егинбаев Бакыт Улановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Р.Т.Тулебердиевдин сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

 

6) «Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору М.А.Аманкуловду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Акматовдун сунуштамасы).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмасбек Жумабекович.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович.

 

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын башчысынын орун басары Мамыров Абдумуталип Абдуманнаповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коргоо жана куралдар бөлүмүнүн куралдарды жана атайын каражаттарды эсептөө боюнча башкы инспектору, бажы кызматынын подполковниги Сагындыков Алмаз Касымовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысынын өздүк курамы менен иштөө боюнча секторунун башчысы, бажы кызматынын подполковниги Алтыбаева Айнуру Каныбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баалуу сыйлыгы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Документтер менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы инспектору бажы кызматынын улук лейтенанты Ташыбекова Аида Урказыевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баалуу сыйлыгы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 1048