2018-жылдын 27-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

06-12-2018 15:09

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 27-ноябры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары Д.Бекешев

 

Жыйналышка катышып олтургандар:  Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Дж. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 8-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Алыбаев О.А., Абжалиев А.Т.,  Мамашова А.Т.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мадеминов Мурадыл Ганыевич, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович (иш сапарында болуп анын ордуна орун басары Абакиров Эльдар Курманбекович келди), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  төрагасы – Султанов Акылбек Шакирович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич (орун басары Абиров Мыктыбек Медетбекович келди),Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Осмонбетов Эмил Кубатович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

 

Кун тартиби добушка коюлду. Сунуштар тушкөн жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-6433/18 03.04.18 ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Комитет жактырды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов жана Б.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-22461/18 16.11.18 ж.)

жана

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов жана Б.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир.№6-22461/18 16.11.18 ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мадеминов Мурадыл Ганыевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  төрагасы – Султанов Акылбек Шакирович.

Сунуш, суроо берди: Бекешев, Арапбаев, Тулендыбаев, Байбакпаев, Юсуров, Сурабалдиева, Осмонова. Жооп берди: Султанов, Абытов (Өкмөтүн өкүлчүлүгүнөн эксперт), Абакиров, Мадеминов.Комитет депутат Сурабалдиеванын сунушун эске алып добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларын төлөөчүлөрдү камсыздандыруучу мүчөлүк акылардын өз учурунда эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

Суроо, сунуш беришти: Арапбаев, Гайпкулов, Тулендыбаев, Осмонова, Байбакпаев, Сурабалдиева, Бекешев. Комитет Арапбаев жана Гайпкуловдун сунушу менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому менен жактырылган «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Суроо беришти: Гайпкулов, Тулендыбаев, Осмонова, Сурабалдиева. Жооп беришти: Абакиров, Ражабалиев (бажы кызматынын төрагасынын орун басары). Комитет добуш менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы №482 токтому менен жактырылган «Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Абиров Мыктыбек Медетбекович

Суроо беришти: Бекешев, Байбакпаев. Жооп беришти: Абиров, Абакиров. Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы №479 токтому менен жактырылган «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору .

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №449 токтому менен жактырылган «Биоотун жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жаы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. “Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Осмонбетов Эмил Кубатович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

Талкууго катышышты: Бекешев, Абакиров, Аскаров, Байбакпаев.

Комитет добуш менен чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                                     Д. Бекешев

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

Көрүүлөрдүн саны : 323