2018-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

07-12-2018 18:03

ДОЛБООР

 

2018-жылдын 11-декабрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому менен жактырылган «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.К.Назаров, А.Т.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөнов, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев и Ж.Б.Исаевдер тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-22892/18 21.11.18-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Эргешов Алмазбек Манасбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы №530 токтому менен жактырылган «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович.

 

5. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка), ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү ишканалары жүзөгө ашырган экономикалык иштердин түрлөрүнүн  тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы №501 токтому менен жактырылган «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамирбек улуу Максат.

 

8. “Гарантиялык фонд” Ачык акционердик коомунун (ААК) 2016-жылдын декабрь айынан тартып 2018-жылдын 30-ноябрына чийинки ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат.

Баяндамачы: “Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

 

9. Ар кандай маселелер.

 

ЖАК “Кызыл-Кыя цемент” ишканасын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын карамагынан Ош облусунун Ноокат районунун карамагына берүү жөнүндөгү маселени аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу алдын ала маалымат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 226- VI протоколдук тапшырманын аткарылышы боюнча (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов, К.Орозова, К.Баймуратов, С.Джураев жана З.Жамалдинов Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна берүү жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн кабыл алган токтому боюнча маселени көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары –Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна жана Осмонова Айнура Шермаматовна.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 1066