2018-жылдын 4-декабрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

17-12-2018 11:57

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 4-декабры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын

                                                                                   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана

                                                                                   фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы

                                                                                   С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Алыбаев О.А., Абжалиев А.Т.,  Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 11-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Бекешев Д.Д., (ишеним добуш С.Айдоровдо) Мамашова А.Т. (ишеним добуш И.Гайпкуловдо).

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич,Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнун директору – Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору – Адилбек улуу Шумкарбек,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы – Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович.

 

Кун тартиби добушка коюлду. Сунуштар тушкөн жок.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы №624 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнун директору – Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич.

Суроо, сунуш беришти: Жапаров, Сурабалдиева. Комитет жактырды добуш менен.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Кадыкеев,Ж.Мусабекова, Э.Сурабалдиева, А. Султанов, П.Тулендыбаев, А.Жапаров, Султанов, Б.Субанбеков жана тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11505/18 05.06.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

Суроо берди: Жапаров. Комитет келип тушкөн сунуштар менен жактырды жана добуш берди.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

Сүйлөдү: Айдаров, Жапаров, Сурабалдиева, Асылбаева. Комитет депутат Асылбаеванын сунушу менен 2 жума кийин кароону чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

Сүйлөдү: Тулендыбаев, Жапаров, Абакиров, Абдыгулов, Осмонова, Сурабалдиева, Мамашова. Комитет биринчи окууда жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2019-жылдын 7-февралында күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алган чаралары боюнча маалыматы.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Сүйлөдү: Аскаров, Жапаров, Муканбетов, Мамашова, Юсуров, Сурабалдиева, Асылбаева, Айдаров. Комитет чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

6. Кошумча маселе: Г.Асылбаева экперттик советтин протоколун окуп, тааныштырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Ар кандай маселелер.

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Комитет чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2) Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иргөө бөлүмүнүн улук инспектору А.М.Дадаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Т.Ж.Абжапаровдун сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3) Мамлекеттик салык кызматынын Аксы району боюнча башкармалыгынын начальниги С.Д.Карабаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Аксы райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Мырзамамытовдун сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспекторуР.К.Молдокановду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө (Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысы А.Каримовдун сунуштамасы).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын башчысынын орун басары Мамыров Абдумуталип Абдуманнаповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коргоо жана куралдар бөлүмүнүн куралдарды жана атайын каражаттарды эсептөө боюнча башкы инспектору, бажы кызматынын подполковниги Сагындыков Алмаз Касымовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысынын өздүк курамы менен иштөө боюнча секторунун башчысы, бажы кызматынын подполковниги Алтыбаева Айнуру Каныбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баалуу сыйлыгы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Документтер менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы инспектору бажы кызматынын улук лейтенанты Ташыбекова Аида Урказыевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баалуу сыйлыгы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

Көрүүлөрдүн саны : 342