2016-жылдын 21-июнундагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №26 Протоколдон көчүрмө бөлүгү
1. Ар кандай маселелер.
А) «Москва шаарындагы Эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн аймагында “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборун өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүү укугуна компанияны тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамына Комитеттин мүчөсүнүн талапкерлигин киргизүү жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Комитет тарабынан компания тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамына депутат А.Мамашова талапкер болуп шайланды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы №318 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына депутат Г.К. Асылбаеванын мыйзам чыгаруу демилге укугу менен киргизилген сунуштары жана сын пикирлери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана КРӨнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн иш аракеттерине карата кайрылуусу жөнүндө.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Баяндамачы депутат Г. Асылбаева бул маселени күн тартибинен алып салууну суранды. Комитет макулдугун добуш менен берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
В) «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнун ишмердүүлүгү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жана жөнгө салынуусуна туура келе же келбей тургандыгы тууралуу «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнун кайрылуусу жөнүндө.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет тийиштүү чечим добуш менен кабыл алды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Г) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын «Мектепке чейинки «Арген» №172 бала бакчасы» мамлекеттик мекемеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын башкаруучусу – Кожомкулов Алмазбек Аттокурович.
Талкулоонун негизинде бул маселе жеткире иштеп чыгуу максатында кийинки 2016-жылдын күз айларына жылдырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары Б.Төрөбаев, М.Бакиров, Г.Асылбаева, З.Жамалдинов, К.Жолдошбаев, Жунус уулу Алтынбек, А.Жутанов, Т.Икрамов, И.Масалиев, А.Султанов, А.Узакбаев, Т.Шайназаров жана А.Юсуров тарабынан демилгеленген «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-5314/16 25.02.2016-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Юсуров Абдумажит Лелезович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы-1 Д.Бекешев жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы №318 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине, КР Салык кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Талкулоонун негизинде бул маселени Комитет түшкөн сунуш менен колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында лотерея ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4788/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Бул маселе демилегичелердин атынан депутат Т.Масабировдун сунушу менен күн тартибинен добуш менен алып салынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Зулпукаров, Б.Джетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров жана Т.Икрамов тарабынан демилгеленген «Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-4794/16 19.02.2016-ж.) (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Бул маселе демилегичелердин атынан депутат Т.Масабировдун сунушу менен күн тартибинен добуш менен алып салынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Скрипкина, Н.Макеев, А.Артыков, Н.Алимбеков, А.Шадиев, А.Жапаров жана Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (КР Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамына) (кир. № 6-14566/16 02.06.2016-жыл).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич
Бул маселени Комитет колдоп добуш берди.
Бул маселе демилегичелрдин атынан Т.Масабировдун сунушу менен күн тартибинен добуш менен алып салынды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11711/16 06.05.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович.
Талкулоонун негизинде Комитет биринчи окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы №277 токтому менен жактырылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Иманалиев Д.Ш.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Сабиров, М.Бакиров, Жунус уулу Адыл, И.Омуркулов, Ж.Турускулов жана М.Мавлянова тарабынан демилгеленген «Жер пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-12990/16 19.05.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сабиров Максат Эсенович.
Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы №667 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө» жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Бул маселе эмки жыйынга жылдырылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Кошумча маселе “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-фералындагы №82 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Салык кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине «контролдук баалардын минималдуу деңгээли» механизмин киргизүү бөлүгүнө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Талкулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-12148/16 12.05.2016-ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Райымкулов Бактыбек Кемелбекович.
Талкулооонун негизинде Комитет четке кагып добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -5 (ишеним добуш менен), каршы-3 (ишеним добуш менен) жана калыс жок.
12. 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар «РСК Банк» ААКнун, «Айыл Банк» ААКнун жана «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» Микрокредиттик компаниясы» ААКнун 2012-2015-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Баяндамачылар: «РСК Банк» ААКнун башкармалыгынын башчысы – Оморкулов Азизбек Пазылбаевич, «Айыл Банк» ААКнун башкармалыгынын башчысы – Жээнбаева Бактыгуль Жаныбековна жана «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» Микрокредиттик компаниясы» ААКнун директору – Макешов Чынгыз Дуйшенкулович.
Комитет депутат А.Жапаровдун сунушу менен колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.