Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 28-июнундагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №27 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

14-09-2016
12:03

2016-жылдын 28-июнундагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №27 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

 

1. Ар кандай маселелер.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Комитет колдоп чечим чыгарды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б.Баатырбеков, М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, У.Т.Кочкоров, Ч.А.Султанбекова, Э.Б.Джумалиева, А.Т.Алтыбаева, З.С.Жоошбеков, Ш.Ш.Абдыкеримов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12190/15 06.05.2015-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г., Жапаров А., Жылкыбаев У., Исаева Д., Макеев Н. жана Мамашова А. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-11304/16 28.04.2016-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Депутат Д.Бекешев редакциялык өзгөртүүлөрдү сунуштады. Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы №318 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине, КР Салык кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Депутат Д.Бекешев редакциялык өзгөртүүлөрдү сунуштады. Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы №102 токтому менен жактырылган «Маалыматташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №389 токтому менен жактырылган «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

7. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (КРӨнүн 27.09.2013-ж. №529 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоору) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Депутат Г.Асылбаева өзгөчө пикирин айтты, Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (КРӨнүн 27.09.2013-ж. №529 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Банк кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

            Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-28770/15 25.12.2015-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Жайчыбекович.

Талкулоонун негизинде демилгечи бул маселени 2016-жылдын күз айларына калтырды, жеткире иштеп чыгуу максатында. Комитет добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КРнын Салык кодексине жана «КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө»)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Бул маселе баяндамачынын сунушу менен күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова жана С.Айдаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-14230/16 31.05.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.

Комитет биринчи окууда бул маселени колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары М.Бакиров жана А.Акматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Балык чарбасы жөнүндө, «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-15054/16 07.06.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы №528 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Өкмөт тарабынан өкүлү, жеткире иштеп чыгуу максатында,бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады, Комитет макул болду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

15. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы №5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №334 токтому.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Кадыркулов Алмазбек Апандиевич.

Талкулоонун негизинде бул маселе Комитет тарабынан колдоого алынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы №341 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору – Муратбеков Канатбек Камбарбекович.

Бул маселе боюнча депутат А.Арапбаев, С.Айдаров жана А.Абжалиев каршы добуш берди, бирок көпчүлүгү колдоду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -6, каршы-3 жана калыс жок.

 

17. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-9604/16 12.04.2016-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жамангулов Акылбек Жекшенович.

Талкудоонун негизинде Комитет биринчи окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №331 токтому менен жактырылган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы жана статс катчысы – Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич жана Садыков Болот Алымкулович.

Бул маселени депутат А.Арапбаевдин сунушу менен күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.