Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 13-сентябрындагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №28 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

15-09-2016
10:48

2016-жылдын 13-сентябрындагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин жыйынынын №28 Протоколдон көчүрмө бөлүгү

 

1. Ар кандай маселелер.

Депутат А.Арапбаев эмки жыйындан тартып “ар кандай маселелерди” күн тартибинин аягына жылдырууну сунуштады. Комитеттин мүчөлөрү добуш менен бул сунушту колдоду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Н.Т.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-11075/16 26.04.2016-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Каримов Нодирбек Тохтосинович.

Комитет аталган маселени үчүнчү окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Скрипкина, Н.Макеев, А.Артыков, Н.Алимбеков, А.Шадиев, А.Жапаров жана Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (КР Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамына) (кир. № 6-14566/16 02.06.2016-жыл) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы №277 токтому менен жактырылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын товардык кредиттери боюнча карыздарын реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-18889/16 11.07.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович.

Бул маселе баяндамачынын депутат И.Омуркуловдун сунушу менен күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Айдаров Салайдин Абдраевич.

Бул маселе баяндамачынын депутат Б.Сыдыковдун сунушу менен күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Ф.Иминов, А.Исмаилова, Р.Казакбаев, А.Өмүрбекова, У.Ормонов, Ч.Султанбекова, Б.Сыдыков, Д.Толонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов жана И.Чудинов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Салык кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Эмгек кодексине, Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№6-16633/16 20.06.16-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Айдаров Салайдин Абдраевич.

Бул маселе баяндамачынын депутат Б.Сыдыковдун сунушу менен күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому менен жактырылган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы №289 токтому менен жактырылган “Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Талкулоонун негизинде бул маселе жеткире иштелип чыгууга (2-3 жумага) жылдырылды. Комитет добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

            Талкулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

11. “Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге салык төлөөдөн четтөөнү болтурбоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы №2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы №382 токтому.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү – Искандаров Курбанбай Алибаевич.

Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

13. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин VI чакырылышынын 2016-2017-жылдарга ишинин сессиялык планы жөнүндө» Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечиминин долбоору.

Комитет депутаттардын сунушу менен колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.