Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2018-жылдын 18- декабры 14саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы
С. Айдаров
Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Алыбаев О.А., Абжалиев А.Т., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т., Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р.
Бардыгы: 12-депутат.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар: жок.
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Разаков Жениш Парпиевич;Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович; Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору – Жумаканов Калысбек Туратбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Жамангулов Азамат Капарович,Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамирбек улуу Максат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы– Тулебердиев Ренат Темирбекович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы - Джунушев Джолдош Маликович.
Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Түшкөн сунуштар: Өкмөттүн өкүлү Абытов кошумча маселе киргизди.
Күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Макеев, Д.Тулендыбаев, А.Жапаров, Э.Сурабалдиева, Ж.Мусабекова, А.Султанов, Б.Субанбеков жана И.Пирматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-2727/18 12.02.18-ж.) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет жактырды.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы №482 токтому менен жактырылган «Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет жактырды.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана С.Келдибаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-11303/18 01.06.2018-ж.) (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.
Комитет жактырды.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.
Комитет жактырды.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.
Комитет жактырды.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы №501 токтому менен жактырылган «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамирбек улуу Максат.
Комитет жылдырды.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1509-VI «Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Разаков Жениш Парпиевич; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович; Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору – Жумаканов Калысбек Туратбекович; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович.
Комитет жактырды.
8. 2017-2018-жылдары Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берилгендиги боюнча маалымат (депутат Э.Сурабалдиеванын тапшырмасы). Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Жамангулов Азамат Капарович. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы– Тулебердиев Ренат Темирбекович.Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы- Ирсалиев Медер Эсенгулович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы - Джунушев Джолдош Маликович.
Комитет жылдырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы С. Айдаров
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.