Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 15- январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

17-01-2019
17:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 15- январы                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы  С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Алыбаев О.А., Абжалиев А.Т.,  Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен), Турусбеков Б.С. (кеңеш добуш менен), Байбакпаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен), Кыдыралиев У.Т.(конок),КелдибаевС.А.(конок).

Бардыгы: 16-депутат, анын ичинде 3-депутат, кеңеш добуш менен,2-конок.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Осмонова А.Ш.,  (ишеним добуш Д.Бекешевде).

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары – Бакиров Мирлан Исакбекович, Ормонов Улукбек Зулпукарович, вице-премьер-министри- Омурбекова Алтынай Сеитбековна, Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович (министрдин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбекович келди), Юстиция министри-Джаманкулов Марат Тургунбаевич, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Маданият, маалымат жана туризм министри- Жаманкулов Азамат Капарович, Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамир улуу Максат, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы-Тулебердиев Ренат Темирбекович, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович, Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович,  Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору -Ибраимов Рустам Изираилович.

 

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы №572 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге КР кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын КР тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачылар: Экономика министринин орун басары – Алыбаев Автандил Шейшенкулович, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жылдырды.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы №529 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, КР Салык кодексине жана «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачылар: Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич, Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович.

Комитет жактырды.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2566-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты. Баяндамачы: Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

Комитет жактырды.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы №501 токтому менен жактырылган «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору – Дамир улуу Максат. Чакырылды: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жамангулов Азамат Капарович.

Комитет четке кагты.

5. «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы №1801-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө. Баяндамачылар: Вице-премьер-министр – Омурбекова Алтынай Сеитбековна,  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору – Дамир уулу Максат.

Комитет эске алды.

6. 2017-2018-жылдары Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берилгендиги боюнча маалымат (депутат Э.Сурабалдиеванын тапшырмасы). Баяндамачылар: Маданият, маалымат жана туризм министриЖамангулов Азамат Капарович, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасыТулебердиев Ренат Темирбекович. Чакырылгандар: Вице-премьер-министрОмурбекова Алтынай Сейтбековна; Эсептөө палатасынын төрагасыМарипов Улукбек Асамидинович; Башкы прокуроруДжамшитов Өткүрбек Асилбекович; Мамлекеттик салык кызматынын төрагасыАбжапаров Тенизбек Жусупбекович; Социалдык фондунун төрагасыИрсалиев Медер Эсенгулович; Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын  төрагасыДжунушев Джолдош Маликович.

Комитет 1 айлык мөөнөт берди.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.