Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 22- январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

23-01-2019
16:37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 22- январы                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын  Жогорку КеңешининЭкономикалык жана  фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы  С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш.,Жапаров А.У. (кенеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен).

Бардыгы: 11-депутат, анын ичинде 2-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Алыбаев О.А.  (ишеним добуш С.Айдаровдо), Арапбаев А.А., Мамашова А.Т.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты–Ормонов Улукбек Зулпукарович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри–Аскаров Замирбек Марипбаевич; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич (Есеналиев Максатбек Күлчороевич -орун басары келди), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы–Онолбеков Алмаз Мадылбекович,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович (Чодуев Эркинбек Урайымович орун басары келди);Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы–Осмонбетов Эмил Кубатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы–Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы –Таиров Бакир Дуулатович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы– Тулебердиев Ренат Темирбекович.

 

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жунус уулу Алтынбек, Г.К.Асылбаева, М.Э.Сабиров жана Д.Д.Бекешевдер тарабынан демилгелеген (кир. №6-13874/17 16.06.17-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2018-жылдын 22-февралында кабыл алган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине») өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич.

Комитет макул болду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Комитет кийинки жыйынга жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтому менен жактырылган «Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому менен жактырылган «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому менен жактырылган «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы №572 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге КР кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын КР тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы №412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министриПанкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;

Комитет чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы №254-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө (депутат У.Ормонов Стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын финансалык-экономикалык ишмердүүлүгү, Ысск-Көл облусундагы улутташтырылган пансионаттарды башкаруу, ошондой эле ишканаларды банкроттук абалга алыпкелген мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди көтөргөн)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

Комитет кийинки жыйынга жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Ар кандай маселелер.

2017-жыл жана 2018-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгүн кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат (Жумушчу топтун справкасы).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Гайпкулов Искендер Торобаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

            Комитет чечим кабыл алды.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.