2019-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

25-01-2019 15:07

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 29-январындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен  жактырылган «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

"Кепилдик фонд" ААКнын Башкармалыгынын төрагасы - Абакиров М.Б.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж. Турускулов, Т.Тиллаев, М. Исаков, С.Джураев, У. Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н. Каримовдор тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Рыспаев

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана А.Дюшалиев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11385/18 04.06.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев и Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10203/18 22.05.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

 

6.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат И.Пирматов тарабынан демилгеленген «Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Ички жер которуу жөнүндө», КР Граждандык кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевич

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Мамлекеттик Миграция Кызматынын Төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы №283-VI «Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерге протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө».

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Ормонов Улукбек Зулпукарович

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы №254-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө (депутат У.Ормонов Стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын финансалык-экономикалык ишмердүүлүгү, Ыссык-Көл облусундагы улутташтырылган пансионаттарды башкаруу, ошондой эле ишканаларды банкроттук абалга алыпкелген мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди көтөргөн).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

 

10. Ар кандай маселелер.

“Гарантиялык фонд” Ачык акционердик коомунун (ААК) 2016-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жылдын 1-январына чийинки ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат.

Баяндамачы: “Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамашова Айсулуу Турусбековна

 

        

Комитеттин төрагасы                                                          С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 986