2019-жылдын 5-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

01-02-2019 16:30

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 5-февралындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтому менен жактырылган «Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому менен жактырылган «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

3. «Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы № 482 токтому тарабынан демилгеленген «Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев, С.Келдибаев жана Д.Бекешевдер тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору) үчүнчү окууга.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

 

5.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана А.Дюшалиев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11385/18 04.06.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев и Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10203/18 22.05.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

 

7.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат И.Пирматов тарабынан демилгеленген «Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Ички жер которуу жөнүндө», КР Граждандык кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевич

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Мамлекеттик Миграция Кызматынын Төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жɵнүндɵ» долбоору макулдашууга.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тɵрагасы - Калиева Гульбара Утюровна;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри - Бейшенов Жанат Саматович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын тɵрагасы  - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович .

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы №254-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө (депутат У.Ормонов Стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын финансалык-экономикалык ишмердүүлүгү, Ыссык-Көл облусундагы улутташтырылган пансионаттарды башкаруу, ошондой эле ишканаларды банкроттук абалга алыпкелген мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди көтөргөн).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

 

12. Ар кандай маселелер.

        

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 1090