Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 29- январынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

05-02-2019
11:03

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 29- январы                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Алыбаев О.А., Арапбаев А.А., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Маматалиев М.А. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 12-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Абжалиев А.Т.

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ормонов Улукбек Зулпукарович, Пирматов Исхак Айтбаевич, Бакиров Мирлан Исакбекович, Маматалиев Марлен Абдрахманович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; "Кепилдик фонд" ААКнын Башкармалыгынын төрагасы - Абакиров М.Б; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыктын төрагасы - Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович,“Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Сунуштар: депутат Арапбаев 8 жана 9 маселелерди биринчи иретте кароону сунуштады, депутат Асылбаева 2 жана 3 маселелерди сын-пикирлер бар болгонуна караштуу, кийнки жыйынга жылдырууну сунуштады.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби :

8-маселе. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы №283-VI «Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерге протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө». Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ормонов Улукбек Зулпукарович.

Суроо-жоопко катышты: Ормонов, Осмонова, Сурабалдиева. Талкуулоонун негизинде Комитет тиешелүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Калган төмөнкү маселелер боюнча негизги баяндамачылар жоктугуна байланыштуу каралган жок.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен  жактырылган «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(экинчи окууга).  Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; "Кепилдик фонд" ААКнын Башкармалыгынын төрагасы - Абакиров М.Б.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж. Турускулов, Т.Тиллаев, М. Исаков, С.Джураев, У. Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н. Каримовдор тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Рыспаев. Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана А.Дюшалиев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11385/18 04.06.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев и Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-10203/18 22.05.18-ж.), (экинчи окууга, 4-5 суроолорду бириктирүү сунушталат). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Озумбеков Улан Доктурбаевич.

6.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат И.Пирматов тарабынан демилгеленген «Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Ички жер которуу жөнүндө», КР Граждандык кодексине, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (биринчи окууга).  Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевич. Чакырылгандар:Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Мамлекеттик Миграция Кызматынын Төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Бекешев Дастан Далабайевич. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы №254-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө (депутат У.Ормонов Стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын финансалык-экономикалык ишмердүүлүгү, Ыссык-Көл облусундагы улутташтырылган пансионаттарды башкаруу, ошондой эле ишканаларды банкроттук абалга алыпкелген мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди көтөргөн). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Ормонов Улукбек Зулпукарович.

10. Ар кандай маселелер.

“Гарантиялык фонд” Ачык акционердик коомунун (ААК) 2016-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жылдын 1-январына чийинки ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат. Баяндамачы: “Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамашова Айсулуу Турусбековна

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.