2019-жылдын 19-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

15-02-2019 11:47

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 19-февралындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №638 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №668 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №34 токтому менен жактырылган «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жɵнүндɵ» долбоору макулдашууга.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун төрайымы – Калиева Гульбара Утюровна;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 861