2019-жылдын 12- февралынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

07-03-2019 16:21

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 12- февралы                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын

                                                                                   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана

                                                                                   фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы

                                                                                   С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Арапбаев А.А., Гайпкулов И.Т., Осмонова А.Ш., Мамашова А.Т., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 8-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Сурабалдиева Э.Ж. (ишеним добуш Д.Бекешевде), Тулендыбаев П.Р. (ишеним добуш А. Абжалиевде).

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Джайчыбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич (орун басары Сарымсаков келди);Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Осмонбетов Эмиль Кубатович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри - Джунушалиев Кашкар Астаканович (Орозалиев А.-орун басары келди);Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы – Шаикова Алина Кавылбековна, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Торомаматов Жусубали Кыргызбаевич, Гарантиялык фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы - Абакиров Малик Барктабасович.

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Сунуштар: депутат Бекешев 2 жана 10б)-маселелерин бирге кароону сунуштады.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому менен жактырылган «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Суроо берди: Асылбаева, Гайпкулов, Бекешев. Талкуулоонун негизинде Комитет терең иштеп чыгуу максатында, күн тартибинен алды добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

Суроо берди: Бекешев, Асылбаева, Осмонова, Арапбаев, Жапаров. Комитет Арапбаев жана Жапаровдун сунуштары менен экинчи окууда жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –көпчүлүгү, каршы-1 (Бекешев) жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Джураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев жана Н.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Джайчыбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы –Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Суроо берди: Гайпкулов, Сарымсаков (юстиция министринин орун басары), Айдаров. Комитет депутат Гайпкуловдун сунушу менен күн тартибинен алып салды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, К. Нурматов, Э.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.Жамалдинов,
М. Мадеминов жана Б. Райымкулов демилгелеген «Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Осмонбетов Эмиль Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Рустамов, Асылбаева. Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Сунуш берди: Бекешев, Асылбаева. Комитет жеткире иштеп чыгуу максатында күн тартибинен алып салды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

Суроо-жоопко катышты: Бекешев, Абжапаров, Жапаров, Айдаров, Асылкулов (салык кызматынын төрагасынын орун басары). Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №543 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринини орун басары – Орозалиев Алмазбек;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы – Шаикова Алина Кавылбековна.

Суроо-жоопко катышты: Арапбаев, Абжалиев, Бекешев, Жапаров, Айдаров, Сатыбалдиев, Гайпкулов. Комитет Бекешев жана Жапаровдун сунушу менен биринчи окууда жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №646 токтому менен жактырылган «1992-жылдан 2000-жылга чейин берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Торомаматов Жусубали Кыргызбаевич.

Талкуугоо катышты: Айдаров, Арапбаев, Бекешев, Жапаров. Комитет комиссия түзүлсүн жана 4 комитет кароосу  менен жыйынтыгы чыгарылгандан кийин кароо үчүн күн тартибинен алып салды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Ар кандай маселелер.

а) «Кепилдик фонд» ААКтын 2016-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын 1-январына чейинки иш-аракети жөнүндөгү маалымат.

Баяндамачы: Гарантиялык фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы - Абакиров Малик Барктабасович.

Комитет эске алып чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

б) Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин берилген салык жеӊилдиктеринин натыйжалуулугу жɵнүндɵгү маалыматы.

Баяндамачы:Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович

Комитет эске алып чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.

Көрүүлөрдүн саны : 186