Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 19- февралынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

07-03-2019
16:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 19- февралы                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана  фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж. Осмонова А.Ш., Мамашова А.Т., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 11-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Юсуров А.Л., Тулендыбаев П.Р.

Жыйналышка чакырылгандар:  Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович (орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбекович келди), Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна,Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович (статс-секретарь Эркебаев Азамат Толонович келди), Кыргыз Республикасынын Юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич;Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун төрайымы – Калиева Гульбара Утюровна;Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович; Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович.

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович. Талкууго катышты: Осмонова, Абдыгулов (Улуттук банктын төрагасы), Алыбаев, Асылбаева, Каликова (МЖӨ б-ча юрист), Гайпкулов, Бекешев, Жапаров. Комитет бир жума кийин кароого калтырды.  

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №638 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Алыбаев Автандил Шейшенбекович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна; Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович (презентация кылды).

Суроо-жоопко катышты: Арапбаев, Абдыгулов, Осмонова, Мамашова, Сурабалдиева, Асылбаева, Шамкеев, Бекешев, Жапаров, Айдаров. Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №668 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-секретары Эркебаев Азамат Толонович.

Суроо берди: Арапбаев. Жооп алынган жок, Комитет бул маселени  кийинки жумага калтырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №34 токтому менен жактырылган «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Алыбаев Автандил Шейшенбекович.

Суроо берди: Сурабалдиева., Бекешев. Комитет бул маселени  кийинки жумага жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жɵнүндɵ» долбоору макулдашууга.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич; Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун төрайымы – Калиева Гульбара Утюровна;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович.

Суроо, сунуш берди: Бекешев, Асылбаева. Комитет  2 жума кийин кароону чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Комитет Сурабалдиева, Абжалиев, Алыбаев, Юсуров, Жапаров жана Гайпкуловду сунуштады.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.