Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2019-жылдын 26- февралы 14саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын
орун басары Г.Асылбаева
Жыйналышка катышып олтургандар: Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж. Тулендыбаев П.Р. Осмонова А.Ш., Мамашова А.Т., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).
Бардыгы: 10-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Айдаров С.А.(иш сапарында), Арапбаев А.А.(ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Юсуров А.Л.
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович, Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Теңизбек Жусупбекович;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Сунуш түштү: Өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн А.Абытов 3-маселени: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). күн тартибинен алып салууну сунуштады, анткени депутаттар менен тактоо иштери керектигин белгиледи. Комитет добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Күн тартиби :
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, К.Нурматов, Э.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.Жамалдинов, М.Мадеминов жана Б.Райымкулов демилгелеген «Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.
Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Осмонбетов Эмиль Кубатович;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович.
Сунуш, суроо беришти: Жапаров, Бекешев. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтому менен жактырылган «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Комитет жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, П.Тулендыбаев, Н.Макеев, И.Гаипкулов, А.Арапбаев, У.Примов, Б.Сыдыков, З.Жамалдинов, А.Абжалиев, А.Мамашова, Д.Бекешев жана Д.Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. №6-17693/18 20.09.18-ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Суроо-жооп: Г.Асылбаева, Абжапаров (салык кызматынын төрагасы), Жапаров, Ирсалиев (социалдык фонддун төрагасы), Осмонова. Комитет добуш менен жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №668 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Рустамов Абдыкалык Алибекович.
Талкууго катышты: Тулендыбаев, Жапаров, Осмонова, Алыбаев, Абжалиев, Панкратов, Асылбаева. Комитет кийинки жыйынга калтырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын
орун басары Г. Асылбаева
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.