Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2019-жылдын 5- март 14саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы С.Айдаров
Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Гайпкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р. Осмонова А.Ш., Мамашова А.Т., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).
Бардыгы: 10-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Сурабалдиева Э.Ж. -иш сапарында, Арапбаев А.А.(ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Юсуров А.Л.
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Кожобек Джайчыбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.
Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Сунуш түштү: депутат Эргешов 3 жана 4 маселени бирге карап берүүнү сунуштады. Комитет добуш менен макулдугун берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Күн тартиби :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы №524 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович. Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.
Сунуш, суроо, жоопко катышты: Асылбава, Бекешев, Абдыгулов, Панкратов, Осмонова, Жапаров, Абакиров (ААК “Кепилдик фонддун” директору). Комитет жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж.Турускулов, Т.Тиллаев, М.Исаков, С.Жураев, У.Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н.Каримов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Кожобек Джайчыбекович
Чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович
Комитет жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
жана
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эргешов А., Назаров А., Масабиров Т., Алимбеков Н., Джумабеков Д., Айдаров С., Баатырбеков А., Нурматов К., Исаев К., Алыбаев О., Толонов Д., Турсунбаев А., Самаев У., Токторов А., Чойбеков Р., Конушбаев Т., Исаев Ж. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Эргешов Алмазбек Манасбекович,
Чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович
Талкууго катышты: Эргешов, Панкратов, Абжапаров, Асылбаева, Жапаров, СЭЗ «Бишкектин» өкүлү, Арапбаев, Бекешев. Комитет 3 жана 4 маселени жактырды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы С.Айдаров
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.