2019-жылдын 19-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

15-03-2019 14:36

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 19-мартындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) – Таиров Бакир Дуулатович.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева (кир. №6-11505/18 05.06.18-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.К.Назаров, А.Т.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөноа, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев жана Ж.Б.Исаев тараптарынан (кир. №6-22892/18 21.11.18-ж.) демилгеленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору) (үчүнчү окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Г.К. Асылбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (кир. №6-19977/17 27.10.17-ж.) (үчүнчү окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Арапбаев тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24674/18 10.12.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров, Б.Турусбеков, Б.Исаев, Д.Бакчиев, Э.Тагаев, А.Карашев жана Б.Жетигенов тарабынан демилгеленген «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1999/19 31.01.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору – Мурзабеков Эркебай Рустамович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Мамлекттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г. Асылбаева тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-682/19 16.01.19-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №633 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №32 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – ИрсалиевМедер Эсенгулович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

9. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору (макулдашууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

10. Ар кандай маселелер.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 794