2019-жылдын 2-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

27-03-2019 15:30

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 2-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-февралындагы № 95 токтому менен жактырылган «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары   Г.Асылбаева, Т. Икрамов, Г. Молдобекова,  С. Айдаров, Д.Бекешев, Б.Сыдыков, Б.Субанбеков, У.Примов, Д.Исаева, Ж.Мусабекова и А.Абжалиев (кир. 2019-ж. 13.03. № 6-5785/19) тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри– Панкратов Олег Михайлович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э. Мавлянова, У.Б. Примов, К.С. Нурматов, Г.С. Молдобекова, Т.Г. Тиллаев, М.И. Бакиров, С.К. Нышанов, А.К. Назаров жана С.А. Айдаров тарабынан демилгеленген «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (кир. 2019-ж. 22.02.  № 6-4134/19)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович;

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору – Мырзакматов Урматбек Акмырзаевич.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №667 токтому менен жактырылган «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору – Жунушев Жолдошбек Маликович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович;

 

6. «Кытай Эл Республикасы менен чектешкен чек арада «Иркештам» Эл аралык чек арадагы соода борборун түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жɵнүндɵ» долбоору макулдашууга.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун төрайымы – Калиева Гульбара Утюровна;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы - Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору – Ибраимов Рустам Изираилович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы – Шаикова Алина Кавылбековна.

 

8. Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашеванын жана И.Гайпкуловдун “Гемодиализ бейтаптардын Ассоциациясынын” өкүлдөрүнүн кайрылуусу тууралуу кызматтык катын кароо жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Гайпкулов Искандер Төрөбаевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары – Каратаев Мадамин Мусаевич;

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы – Боронбаева Элнура Кочконовна;

 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Байзакова Нурида Асановна;

 Кыргыз Республикасындагы Гемодиализ бейтаптарынын Ассоциациясынын өкүлдөрү.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

 

Көрүүлөрдүн саны : 931