Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2019-жылдын 19- март 14саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы С.Айдаров
Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Алыбаев О.А., Гайпкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р. Сурабалдиева Э.Ж. Мамашова А.Т., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).
Бардыгы: 10-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Бекешев Д.Д. (ишеним добуш Э.Сурабалдиевада), Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш.
Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич (орун басары Абиров Мыктыбек Медетбекович келди), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) – Таиров Бакир Дуулатович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович,Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору – Мурзабеков Эркебай Рустамович, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович. Мамлекттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович,Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – ИрсалиевМедер Эсенгулович.
Кун тартиби негиз катары добушка коюлду. Сунуш түшкөн жок.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Күн тартиби :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Абиров Мыктыбек Медетбекович.Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) – Таиров Бакир Дуулатович.
Комитет жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Асылбаева (кир. №6-11505/18 05.06.18-ж.) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.К.Назаров, А.Т.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөноа, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев жана Ж.Б.Исаев тараптарынан (кир. №6-22892/18 21.11.18-ж.) демилгеленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бириктирилген долбоору) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Комитет жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Г.К. Асылбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (кир. №6-19977/17 27.10.17-ж.) (үчүнчү окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Сунуш, суроо берди: Жапаров, Асылбаева. Комитет Г.Асылбаенын сунушу менен жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Арапбаев тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24674/18 10.12.18-ж.) (экинчи окууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович.
Суроо беришти: Тулендыбаев, Жапаров, Юсуров, Асылбаева. Комитет жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров, Б.Турусбеков, Б.Исаев, Д.Бакчиев, Э.Тагаев, А.Карашев жана Б.Жетигенов тарабынан демилгеленген «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1999/19 31.01.19-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович,
Суроо беришти: Тулендыбаев, Сурабалдиева, Асылбаева, Жапаров (Улуттук банкка тапшырма берүүнү сунуштады). Жооп беришти: Панкратов, Ирсалиев, Абдыгулов, Мурзабеков. Комитет концепциясын жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г. Асылбаева тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-682/19 16.01.19-ж.). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.
Суроо беришти: Арапбаев, Жапаров. Комитет жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №633 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Суроо беришти: Асылбаева, Жапаров. Комитет концепциясын жактырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №32 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – ИрсалиевМедер Эсенгулович.
Суроо беришти: Арапбаев, Асылбаева, Сурабалдиева, Жапаров. Талкуулоонун негизинде, Комитет бул маселени 1-2 жумага же болбосо 1 айга чейин кийин кароого калтырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
9. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору (макулдашууга). Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.
Суроо, сунуш беришти: Арапбаев, Асылбаева, Сурабалдиева, Жапаров, Айдаров. Комитет бул маселени кийин кароого калтырды. Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасы С.Айдаров
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.