2019-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

05-04-2019 09:20

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 9-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Айдаров жана Г.Асылбаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-17552/18 18.09.18-ж.). (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №638 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев жана А.Дюшалиев (кир. №6-11385/18 04.06.18-ж.) жана М.Бакиров, А.Алтынбеков, А.Узакбаев и Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Маматалиев Марлен Абдрахманович.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бакиров Мирлан Исакбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жээнбаева Бактыгул Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Байзакова Нурида.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 10-майындагы №206 протоколдук тапшырмасынын аткарылыш жөнүндө (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Мавлянова тарабынан чакан жана орто ишкердикти санитардык эпидемиялык талаптарды төмөндөтүү жолу менен колдоо маселесин көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Омурбекова алтынай Сейтбековна.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна

 

6. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн жана Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памирдин тургундарына  гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тескемесинин долбоору (макулдашууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мамлекеттик миграции кызматынын төрагасы- Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 690