2019-жылдын 16-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

11-04-2019 15:14

ДОЛБООР

2019-жылдын 16-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Арапбаев тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-24674/18 10.12.18-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Арапбаев Азамат Абдуллажанович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №668 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Рустамов Абдыкалык Алибекович.

 

4. Ар кандай маселелер.

1) Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун учурдагы абалы. Табигый кырсыктардан камсыздандыруунун эл аралык тажрыйбасы жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу бөлүгүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк банктын сунушу

Баяндамачылар: «Мамалекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнун башкармалыгынын төрагасы – Эгамбердиева Джумагул Шариповна

Дүйнөлүк банктын Миссиясынын курамындагы камсыздандыруу боюнча Дүйнөлүк банктын эксперти – Гуренко Евгений.

 

2) «Хоргос» МЦПСнын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин көчмө жыйынын өткөрүү тууралуу чечиминин долбоору.

3) «Иркештам» бажы постунун ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин көчмө жыйынын өткөрүү тууралуу чечиминин долбоору.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 622