2019-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

19-04-2019 14:30

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 23-апрелиндеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 638 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Ж.Мусабекова, Б.Сыдыков жана А.Осмонова тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-682/19 16.01.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Турускулов жана Б. Турусбеков  тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2019-жылдын 7-февралындагы кир. № 6-2796/19).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович.

 

6. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу Протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

7. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасынын ага кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович.

 

8. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, Армения Республикасынын ага кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович.

 

9. Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-февралындагы №303-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылыш жөнүндө (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. Турусбеков келе жаткан туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Газпром Нефть Азия»га окшогон чоң компаниялар жана пансионаттар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп  Ысык-Көл облусунун ар бир районунда заманбап дааратканаларды жана душтарды куруу маселесин көтөргөн).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министриЖаманкулов Азамат Капарович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Турусбеков  Бактыбек Сагындыкович.

 

10. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                           С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 478