2019-жылдын 7-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

03-05-2019 13:42

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 7-майындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, П.Тулендыбаев, И.Гаипкулов, А.Арапбаев, У.Примов, Б.Сыдыков, З.Жамалдинов, А.Абжалиев, А.Мамашова, Д.Бекешев жана Д.Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. №6-17693/18 20.09.18-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Т.Икрамов, Г.Молдобекова, С.Айдаров, Д.Бекешев, Б.Сыдыков, Б.Субанбеков, У.Примов, Д.Исаева, Ж.Мусабекова и А.Абжалиев тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-5785/19 13.03.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жапаров, Б.Турусбеков, Б.Исаев, Д.Бакчиев, Э.Тагаев, А.Карашев жана Б.Жетигенов тарабынан демилгеленген «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-1999/19 31.01.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Жапаров Акылбек Усенбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору – Мурзабеков Эркебай Рустамович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Мамлекттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №32 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

6. Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду аркылуу экспортко багытталган өндүрүшчүлөргө берилүүчү кредиттердин пайыздык ставкасын төмөндөтүүгө байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы П № 270-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачы: Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы – Асрандиев Эркин Шамшудинович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 430