2019-жылдын 21-майдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

15-05-2019 18:10

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 21-майдагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы №638 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын каржы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы – Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга кайрадан).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Т.Икрамов, Г.Молдобекова, С.Айдаров, Д.Бекешев, Б.Сыдыков, Б.Субанбеков, У.Примов, Д.Исаева, Ж.Мусабекова и А.Абжалиев тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-5785/19 13.03.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, Б.Турусбеков, Б. Субанбеков, А. Эргешов, А.Назаров, И.Матраимов, А. Исмаилова, А. Жээнбеков, П. Тулендыбаев, К. Баймуратов, А.Дюшалиев, А. Акматов, И.Гаипкулов, А. Султанов,  М. Жеенчороев тарабынан демилгеленген «Ысык-Көл» биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (кир. .№ 6-8107/19  09.04.2019-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги директору - Рустамов Абдыкалык Алибекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору - Абдиев Бактыбек;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору - Жунушев Джолдошбек;

Ысык-Көл өнүгүү фондусун башкаруу дирекциясынын директору - Тойгоналиев Алдаярбек Станбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №184 токтому менен жактырылган «”Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүн жоготту деп тануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун төрагасы-Түлөбердиев Ренат Темирбекович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри - Жаманкулов Азамат Капарович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Люксембург Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кирешеге жана капиталга карата кош салык салууну жок кылуу жана кош салык төлөөдөн качууну же четтөөнү алдын алуу жөнүндө  макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

7. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  тууралуу протоколун (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү жаатында)  жөнүндө (макулдашууга)

Баяндамачы: Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы-Осмонбетов Эмиль Кубатович

 

7. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                           С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 455