2019-жылдын 28-майдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

24-05-2019 19:33

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 28-майдагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтому менен жактырылган «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Т.Икрамов, Г.Молдобекова, С.Айдаров, Д.Бекешев, Б.Сыдыков, Б.Субанбеков, У.Примов, Д.Исаева, Ж.Мусабекова и А.Абжалиев тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-5785/19 13.03.19-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Абакиров Эльдар Курманбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Ж.Мусабекова, Б.Сыдыков жана А.Осмонова тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-682/19 16.01.19-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары –Кадыров Дастан Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашова, И.Гайпкулов, А.Шыкмаматов, К.Иманалиев, А.Маматов, Н.Никитенко, С.Нышанов, Самат Гульнара-Клара, Б.Сулейманов, Э.Токтошев, Шер-Нияз Садык тарабынан демилгеленген « Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11059/19 15.05.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мамашова Айсулуу Турусбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

6. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматы (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен биргеликте каралат).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары – Керималиев Жаныбек Калканович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) - Таиров  Бакир Дуулатович;

«Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы» ЮЖБнин төрагасы – Эшатов Канат;

Кыргызстандын Ишкерлер Кеңешинин ун өндүрүү комитетинин төрагасы – Жунушев Р.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 474