2019-жылдын 18-июндагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

14-06-2019 16:49

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 18-июндагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 7-кабат, Төраганын сүйрү зал, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги  № 3020-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) – Таиров Бакир Дуулатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович.

 

2. «2019-жылга туристтик сезонго даярдыктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри- Өмурбекова Алтынай Сейтбековна;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору – Максат Дамир уулу.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Турусбеков Бактыбек Сагындыкович;

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын директору – Казаков Данияр Болушевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.

 

3. Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-февралындагы П№303-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө (Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. Турусбеков келе жаткан туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Газпром Нефть Азияга» окшогон чоң компаниялар жана пансионаттар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп Ысык-Көл облусунун ар бир районунда заманбап дааратканаларды жана душтарды куруу маселесин көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри- Өмурбекова Алтынай Сейтбековна;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору – Максат Дамир уулу

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Турусбеков Бактыбек Сагындыкович

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын директору – Казаков Данияр Болушевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашова, И.Гайпкулов, А.Шыкмаматов, К.Иманалиев, А.Маматов, Н.Никитенко, С.Нышанов, Самат Гульнара-Клара, Б.Сулейманов, Э.Токтошев, Шер-Нияз Садык тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-11059/19 15.05.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мамашова Айсулуу Турусбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №184 токтому менен жактырылган «”Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүн жоготту деп тануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун төрагасы – Тулебердиев Ренат Темирбекович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович.

 

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №539 токтому менен жактырылган «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы – Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-майындагы №233 токтому менен жактырылган ”2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансалык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Абиров Мыктыбенк Медетбекович.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3 - апрелиндеги №156 токтому менен жактырылган «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри - Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

9. Ар кандай маселелер.

1) Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын начальниги Э.Ж.Чоюновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

         2) Мамлекеттик салык кызматынын Карасуу району боюнча башкармалыгынын атайын салыктык режимдер бөлүмүнүн начальниги У.Р.Нишановду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө

 

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 483