Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешииин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2019-жылдын 22-октябрындагы Корутундусу

31-10-2019
09:47

Экинчи окууда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

(Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешииин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2019-жылдын 22-октябрындагы

Корутундусу

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 32 токтому менен демилгеленген (2019-жылдын 1-февралындагы кир. № 6-2172/19), 2019-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт:

 

Мыйзам долбоор тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү, иштеп жаткан ишкерлерди экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу үчүн шарттарды түзүү, салык жүгүн азайтуу аркылуу экспорттун көлөмүн жана тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген юридикалык жактардын социалдык чегерүүлөрүнүн өлчөмүн көбөйтүү, ошондой эле патенттик системанын негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерлер менен юридикалык жактар ортосунда бирдей шарттарды түзүү максатында демилгеленген.

Экинчи окууга карата мыйзам чыгаруу демилге укугу субъекттеринен жазуу жүзүндө сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоорун 2019-жылдын 22-октябрында Комитеттин жыйналышында талкуулоонун жүрүшүндө Комитеттин мүчө-депутаттары А. Осмонова, П. Тулендыбаев, А. Жапаров, А. Мамашова, Г. Асылбаева төмөнкүдөй сунуштар жана сын-пикирлер айтылды:

-камсыздандыруу төгүмдөрүнүн күтүлүүчү түшүүлөрү же болбосо ушул мыйзам долбоорун кабыл алууда бюджеттин жоготуулары жөнүндө;

-пенсияга чыгуунун жеңилдетилген мезгилин кайра кароо жөнүндө;

-камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону начар башкаруу жөнүндө;

-камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмдөрүн төмөндөтүүнүн келечектеги пенсиянын өлчөмдөрүнө таасири жөнүндө тигүү жана трикотаждык тармактын кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

-сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жеңилдиктерди жокко чыгаруунун эсебинен билим берүү жана медицина кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөдөтүү маселесин карасын (депутат А. Жапаров);

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин этап-этабы менен төмөндөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун негиздемеси менен алты айлык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин (депутат Г. Асылбаева);

-Парламенттин контролдук иш-милдеттеринин алкагында жылдын жыйынтыгы боюнча бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүлөрүнүн өсүшүнүн динамикасы жөнүндө маалымат угулсун жана оң динамика болбогон учурда аны жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелесин (депутаттар Г. Асылбаева, А. Жапаров).

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

 

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Комитеттин мүчө-депутаттарынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен жактырылсын жана экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Комитеттин төрагасы С. Айдаров баяндамачы, Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасы М. Ирсалиев, Кыргыз Республикасынын экономика министри С. Муканбетов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К. Абдалиев кошумча баяндамачылар болуп аныкталсын.

 

 

Экономикалык жана фискалдык

саясат боюнча комитетинин төрагасынын

орун басары                                                                         Г.Асылбаева