Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2019-жылдын 12-ноябрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

13-11-2019
15:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

2019-жылдын 12 ноябрь айы                                                     14 саат 00 мунөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1 кабат)

 

Төрагалык кылган    Кыргыз Республикасынын    Жогорку Кеңешинин   Экономикалык жана фискалдык    саясат боюнча Комитетинин төрагасы С. Айдаров

Жыйналышка катышып олтургандар: Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Юсуров А.Л., Арапбаев А.А., Гайпкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Сурабалдиева Э.Ж., Жапаров А.У.(кеңеш добушу менен).

Баардыгы: 11 депутат.

Жыйналышка Комитеттин мучолорунун ичинде катышпаган депутаттар: Осмонова А.Ш.(ишеним добуш Арапбаев А.А. берилген), Мамашова А.Т.

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джамшитов Өткүрбек Асилбекович; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри – Айдарбеков Чингиз Азаматович; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович;    Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Догоев Дастан Давлетович; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Шыкмаматов Алманбет Насырканович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы – Эркебаев Азамат Толонович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Абиров Мыктыбек Медетбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматыны (Кыргызпатент) төрайымы – Молдошева Динара Автандиловна; Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович; Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору – Мадумаров Канатбек Маматович; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович; Башкы прокурордун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович; Кыргыз Республикасынын Экономики министринин орун басары - Ахматов Султан Маматович.

 

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду.

Сунуштар: Депутат Асылбаева Г.К.  4.«2012-жылдын 3-августуна чейин укук белгилөөчү документтерисиз курулган жеке турак-үйлөр бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө»; 5. «Жекече турак-жай курулушу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; депутат Арапбаев А.А. 3.«Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө маселелерди кийинки жыйналышта талкулоону сунуштады;

Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

Кун тартиби:

            1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы №585 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

            Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

            Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы - Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

            Суроо-жоопко катышты: Муканбетов С.Т., Жеенбаева Б.Ж., Абдалиев К.К., Исакулов Ж.А., Арапбаев А.А., Бекешев Д.Д., Торутаев А.Э., Аскаров З.М., Кайыпов А.К., Жапаров А.У., Кадыров Д.К., Дюшембиев Н.К., Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Марипов У.А., Абдыгулов Т.С., Жунушев Д.М., Шаршеев У.З.

            Сунуштар: депутат Гайпкулов И.Т.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул- 8 депутат, каршы - 1.

            Чечим: Мыйзам долбоору кабыл алынды, сунуштарды эске алуу менен.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө.

            Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору – Джамшитов Өткүрбек Асилбекович; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри – Айдарбеков Чингиз Азаматович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри – Жаманкулов Азамат Капарович; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Догоев Дастан Давлетович; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович; Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору – Адилбек уулу Шумкарбек; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Абдиев Бактыбек Абышевич; КРнын ММжТМне караштуу Туризм департаментинин директору – Дамир уулу Максат; Кыргыз Республикасынын Экономики министринин орун басары - Ахматов Султан Маматович.     

            Суроо-жоопко катышты: Аскаров З.М., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Жапаров А.У., Бекешев Д.Д., Ахматов С.М.

            Сунуштар: депутат Гайпкулов И.Т.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

            Чечим: мыйзам долбоору кабыл алынды, сунуштарды эске алуу менен.

            6 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-сентябрындагы №498 токтому менен жактырылган “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович.

            Суроо-жоопко катышты: Салиев Б.У ., Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Юсуров А.Л., Сурабалдиева Э.Ж.

            Сунуштар: депутат Бекешев Д.Д. жана Арапбаев А.А. сунуштар тушту.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул - 5 депутат, каршы – 2.

            Чечим: мыйзам долбоору кабыл алынды, сунуштарды эске алуу менен.

 

            7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы №319 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору.

            Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

            Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович; Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович; Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору – Мадумаров Канатбек Маматович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору милдетин аткаруучу – Аманкулов Мирслав; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Абиров Мыктыбек Медетбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматыны (Кыргызпатент) төрайымы – Молдошева Динара Автандиловна.

            Сунуштар: депутат Сурабалдиева Э.Ж. бул маселени чакырылган окмот мучолорунун жок болгондугу менен байланыштуу кун тартибинен алып, кийинки жыйналышта талкулоону сунуштады.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

            Чечим: мыйзам долбоору кун тартибинен алынды.

 

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы №551 токтому менен жактырылган «2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы ЕЭБ жөнүндө келишимге КР кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы ЕЭБ жөнүндө келишимдин, ЕЭБ укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана ЕЭБ органдарынын актыларынын КР тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан ш. кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович.

            Суроо-жоопко катышты: Арапбаев А.А., Бекешев Д.Д., Торутаев А.Э.,  Сурабалдиева Э.Ж., Кадыров Д.К.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

            Чечим: мыйзам долбоору кабыл алынды.

 

            9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбооруна Протоколдун долбоору.

            Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

            Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

            Чечим: мыйзам долбоору кабыл алынды.

 

            10. Кыргыз Республикасы жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы/Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы салыктык башкаруу системасын и статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун даярдоо үчүн грант берүү тууралуу макулдашуу-каттын долбоору ECAPDEV Трастык фондунун Грант TF0B0175.

            Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович; Кыргыз Республикасынын Финансы министри Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.  

            Суроо-жоопко катышты: Абдалиев К.К., Бекешев Д.Д., Сурабалдиева Э.Ж.      

            Добуш беруунун натыйжасы: макул-баардыгы, каршы жана калыс жок.

            Чечим: мыйзам долбоору кабыл алынды.

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                                         Айдаров С.А.

 

 

Протокол жүргүздү                                                                                                      Сабырбекова Ы.