Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г., Айдаров С., Жапаров А., Тулендыбаев П., Гаипкулов И., Икрамов Т., Арапбаев А., Примов У. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоору , (биринчи окууга, бизнес-ассоциациялардын сунуштары жана сын-пикирлери менен жеткире иштелип чыккан) жана салыштырма таблица.

17-02-2020
13:24

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгүндө:

- 29-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 34-37-пункттар менен толукталсын:

“34) “Фискалдык программалык камсыз кылуу” – төмөнкүлөр чагылдырылган салыктык, бажылык маалыматты чогултуу, берүү, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн колдонуучу программалык камсыз кылуу:

а) салыктар боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмелери;

б) салык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан салык төлөөчүнүн жеке маалыматтары.

35) “Маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары – Маркалоо оператору)” - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин келишимдик базасына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм:

а) маалыматтарды чогултуу, берүү, иштеп чыгуу жана сактоо, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоону пайдалануу менен;

б) маркалоо системасынын иштеши жана товарларды маркалоону көзөмөлдөө.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин келишимдик базасына ылайык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында маркалоо оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

- товарларды маркалоонун эмитент/улуттук оператор (администратор) катары чыгуусу;

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин эмитенттери/операторлору менен макулдашууларды/контракттарды/ келишимдерди түзүү;

- көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, анын ичинде товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо үчүн акы чогултууга.

36) “Фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор (мындан ары – ФМО)” – ыйгарым укуктуу салык органына же маркалоо операторуна корголгон түрдө маалыматтарды берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм.

37) “Программалык-талдоо каражаты” – салык төлөөчүнүн маалыматтарын талдоо жана контролдоо аркылуу жүргүзүлө турган программалык чечим.

2) 31-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“8) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы.”;

3) 40-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“8) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы.”;

4) 44-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

“14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипке ылайык колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну колдонууга.”;

5) 50-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-18-пункттар менен толукталсын:

“16) фискалдык программалык камсыз кылуу функциялык багыттарга шайкештиги жагынан аны текшерүүнү жүргүзүүгө;

17) товардык материалдык байлыктардын калдыктарын алууга;

- салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчетту берген кийинки күндөн тартып 2 календарлык айдын ичинде бербегенде товарларды сатуу фактылары болгон учурда отчет берилүүгө тийиш болгон учурда;

- салыктык каттоосу жок ишкердик ишти жүргүзүү;

18) салык контролун жүргүзүү учурунда салыктык каттоо болбостон, патенттин негизинде салыкты төлөбөстөн ишти жүзөгө ашырган учурда, салык төлөөчүнүн ишкердиги менен байланышкан мүлктүн объекттерин мөөр басып бекитүүгө.”;

6) 54-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- биринчи абзацта “же анын кызмат адамдары” деген сөздөр “, Маркалоо оператору же алардын кызмат адамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- расмий тилиндеги вариантындагы 1-пункттагы “адрес” деген сөз алынып салынсын;

- 3-пунктта “кошумча нарк салыгы жана акциз жыйымынын маркалары жөнүндө” деген сөздөр “, акциз жыйымынын маркалары жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:

“21. Маркалоо оператору салыктык сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.”;

в) 4-бөлүк “мамлекеттик органдардын” деген сөздөрдөн кийин “жана маркалоо операторунун” деген сөздөр менен толукталсын;

г) 5-бөлүк “Салык кызматынын органына” деген сөздөрдөн кийин «жана маркалоо операторуна” деген сөздөр менен толукталсын;

д) 6-бөлүк “салык кызматынын органынын жетекчисинин” деген сөздөрдөн кийин “жана маркалоо операторунун” деген сөздөр менен толукталсын;

е) 7-бөлүк “Салык кызматынын органынын” деген сөздөрдөн кийин «маркалоон оператору жана” деген сөздөр менен толукталсын;

ж) 9-бөлүк “салык кызматынын органдарынан” деген сөздөрдөн кийин «жана маркалоо операторунун» деген сөздөр менен толукталсын;

з) 10-бөлүк “мамлекеттик органдардын” деген сөздөрдөн кийин “жана маркалоо операторунун” деген сөздөр менен толукталсын;

7) 94-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын:

«7) “Контролдук-кассалык машиналар (мындан ары – ККМ) – фискалдык эске тутуусу же программалык камсыз кылуусу бар, фиксация функциясы, маалыматтарды сутка сайын (нөөмөт сайын) оңдолбой турган каттоосу, узак мезгил бою сактоосу жана коргогон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүсү бар аппараттык-программалык каражаттар.

Ушул аныктаманын максатында:

а) орнотулган программалык башкаруусу бар маалыматты чогултуучу, иштетүүчү жана берүүчү техникалык каражат фискалдык эске тутуусу бар аппараттык-программалык каражат болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары – аппараттык ККМ);

б) программалык камсыз кылуу болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары – программалык ККМ) деп интеграцияда иштеген кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо таанылат:

- реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен корголгон; же

- ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыздоочу ФМОнун маалымат системасы менен;

8) “ККМдин реестри” - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги жагынан белгиленген тартипте ырастоону алган ККМдин ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасындагы маалыматтардын жыйындысы;

9) “Фискалдык эс тутум” – ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынды маалыматты оңдолбой турган сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана узак мезгил бою сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.”;

8) 96-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1) салыктык каттоо жөнүндө субъекттин арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызы кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ формасындагы арызы;”;

9) 14-главанын аталышындагы “Фискалдык эсте сактоосу бар контролдук-кассалык машиналарды” деген сөздөр “ККМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын”;

10) 108-беренеде:

- 1-бөлүктө:

- 2-пунктта «контролдук-кассалык машиналар» деген сөздөр «ККМ» деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 5-пункттагы “белгилер (белги салуулар)” деген сөздөр “идентификациялык каражаттар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

“6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын колдонуу.”;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Рейддик салык контролун кошпогондо, рейддик салык контролу, ошондой эле контролдук сатып алуу айрым салык төлөөчү же анын өзгөчө бөлүгү жагынан жылына 12 жолудан ашык жүргүзүлбөйт.”;

в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн жазылган буйрук жол-жоболоштурулат. Жазылган буйрук формасы жана рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 109-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларынын же иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурунда накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карточкалары жана башка төлөм каражаттары аркылуу чектери аркылуу жүзөгө ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жана/же машинада окула турган түрдө контролдук-кассалык чекти/карт-чекти/смс бирдирүүнү берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт.”;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Субъекттер калк менен акчалай эсептешүү учурунда ККМдин Реестрине киргизилген аппараттык ККМди же программалык ККМди колдонууга милдеттүү.”;

в) 3 жана4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

г) 5-бөлүктө:

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) ККМге карата техникалык корутундуну берүү жана ККМдин Реестрин түзүү тартиби;”;

- 3-пункттагы “, ошондой эле виртуалдык ККМ операторлоруна” деген сөздөр “жана ФМО” деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4) ККМди каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн;»;

- 5-7 пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. ККМ байланыш жана маалыматташтыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМдин реестрине киргизилет жана ККМдин реестринен чыгарылат.

Техникалык корутунду ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген техникалык талаптарга шайкештигин/шайкеш эместигин ырастаган документ болуп саналат.”;

12) 110-беренеде:

- биринчи абзацындагы “Салык төлөөчүгө” деген сөздөр “1. Салык төлөөчүгө карата” деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 3-пунктта “ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна” деген сөздөр “ККМдин фискалдык эс туутумуна, башка ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна” деген сөздөргө алмаштырылсын;    

- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пункт “ККМге” деген сөздөн кийин “жана кассалык орунга” деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктта “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте” деген сөздөр “ККМди каттоо, каттоодон чыгаруу жана оңдоо учурунда” деген сөздөргө алмаштырылсын»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

“2. ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.”;

13) 111-беренеде:

- берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө “жана пайдалануу” деген сөздөр алынып салынсын;

- 2-бөлүктө:

- 6-пунктта “ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде” деген сөздөр “реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“8) ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык талаптарга шайкештиги.”;

14) 112-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту “соода” деген сөздөн кийин “, кызмат көрсөтүүлөрүн” деген сөздөр менен толукталсын;

15) 126-беренеде:

- берененин аталышындагы “банк менен” деген сөздөн кийин “жана төлөм уюму/төлөм системасынын оператору менен” деген сөздөр менен толукталсын;

- биринчи абзацтагы “Өз ара аракеттешүү максатында” деген сөздөр “1. Өз ара аракеттешүү максатында” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“8) POS-терминалдары аркылуу эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

“2. Салык кызматы органдары банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору менен өз ара иш алып баруу максатында жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт ыргагында берүүгө милдеттүү. Берилүүчү маалыматтын тартиби жана ага карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”;

16) 216-берененин 1-2-бөлүгү “100-эсе эсептик көрсөткүч” деген сөздөрдөн кийин “ККМдин ар бир бирдигине же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө карата” деген сөздөр менен толукталсын;

17) 230-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

“31.Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык салынуучу субъект бул режим колдонулган күндөн тартып беш күндүн ичинде каттоону жоюу максатында салык органдарына кайрылууга милдеттүү.”;

18) Кодексти төмөнкүдөй мазмундагы 2501-берене менен толукталсын:

  • 2501-берене. Товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жеткирүү

Товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жеткирүү КНСтен бошотулган жеткирүү болуп эсептелет.”;

19) 257-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы “акциздик жыйымдын маркалары” деген сөздөн кийин “, идентификациялоо каражаттары” деген сөздөр менен толукталсын;

20) 270-берененин 3-бөлүгүнүн  4 жана 5-пункттарында “товарларды импорттоодо” деген сөздөрдөн мурда “салык салынуучу субъект тарабынан” деген сөздөр менен толукталсын;

21) 271-берене төмөнкү мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

“9. Эгерде салык салынуучу субъект ушул кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган учурда, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.”;

22) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2771-берене менен толукталсын:

“2771-берене. Шарттуу эсепке алуу учурунда импортко КНСти төлөө тартиби

1. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсепке алуу режимин колдонууга укуктуу.

Ушул берененин максатында импортко КНСти шарттуу эсепке алуу деп КНСти төлөө тартиби түшүнүлөт, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо учурунда товарлардын маалыматтарын Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин экспорттоого милдеттүү шарт менен эсептелген КНСтин суммасын казыналыктын системасында ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү.

2. Импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датадан тартып 180 күндүн ичинде товарлардын экспорту ырасталган учурда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тартипке ылайык салык төлөөчү депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНСтин суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча анын эсептешүү эсебине кайра кайтарылат.

4. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган учурда депозиттик эсепке киргизилген импортко КНСтин суммасы бюджетке которулат.”;

23) 286-берененин 1-бөлүгүндө:

- 2, 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5-пункттагы “физикалык көлөмү.” деген сөздөр «физикалык көлөмү; жана/же” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон импорттолгон акциздик товардын физикалык көлөмү.”;

24) 290-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана/же" деген сөздөр менен толукталсын”;

25) 291-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана 293" деген сөздөр алып салынсын;

26) 353-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

27) 357-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

“11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект ушул глава ылайык төмөнкүлөрдун ордуна бирдиктүү салыкты төлөөгө милдеттүү:

1) пайда салыгынын;

2) сатуудан алынуучу салыктын;

3) салык салынуучу беримдерге КНСтин.”;

б) 2-бөлүгүндө:

- биринчи абзацтагы “чакан ишкерлик” деген сөздөр алып салынсын, мамлекеттик тилиндеги вариантында “субъектилери” деген сөз “субъект” деген сөзгө алмыштырылсын;

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМди колдонууга;»;

- 3-пунктагы "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 11-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырырлсын;

- төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“4) ушул Кодексте белгиленген тартипте эсеп-фактураларды колдонууга";

в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ар бир жалданма кызматкердин эмгек акысынан жалданма кызматкерге киреше салыгынын суммасын кармап калат жана төлөп берет.»;

28) 358-беренеде:

- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.”;

- төмөнкүдөй редакциядагы 21-бөлүк менен толукталсын:

21. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүчө күчүнө кирет:

- жаңыдан катталган салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо учурунан тартып;

- иштеп жаткан салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөөчү каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

- ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн аталган режим колдонулган учурдан тартып.”;

- 4-бөлүк "салыктык милдеттенме" деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын ;

- 5-бөлүктөгү "кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөр "биринчи күнүнөн тартып:

- ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн кийинки жылы;

- кийинки айда калган салык төлөөчүлөр үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

29) 359-беренеде:

- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Чакан ишкер субъекти, эгер бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталса:

- жыл үчүн түшкөн акчанын көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;

- КНС төлөөчү болуп эсептелбесе;

2) Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект.»;

- 2-бөлүктөгү "салык төлөөчүлөр" деген сөздөр, "чакан ишкердиктин субъекттери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

30) 361-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн товардын наркы салыктык база болуп саналат.»;

31) 362-беренеде:

- 1-бөлүктүн биринчи абзацы «Салык төлөөчү» деген сөздөрдөн мурда, «ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден башка» деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

“11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект 3 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.»;

- 2-бөлүк " Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган " деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден башка" деген сөздөр менен толукталсын;

32) 363-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

363-берене. Салык мезгили

Салык мезгили болуп төмөнкүлөр саналат:

     1) чакан ишкерликтин субъекттери үчүн - бир квартал;

2) ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн - календардык ай.”;

33) 365-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацтагы “Салык төлөөчү” деген сөздөр “Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык төлөөчү” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "15" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;”;

- 2-пункттагы “отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кийинки күндөн кечиктирбей” деген сөздөр «ушул Кодекстин 92-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө” деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын::

"2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, чакан ишкердиктин субъектиси квартал сайын кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бирдиктүү салыкты төлөөгө милдеттүү.»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын;

“3. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салык отчетун берүүгө жана бирдиктүү салык төлөөгө милдеттүү.”;

34) 367-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“367-берене. Салык контрактынын негизиндеги салык төлөөчүлөр

Курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери, коомдук тамактануу жана турак жай куруучулар контракттын негизинде салык төлөөчүлөр боло алышат.”;

35) 369-беренеде:

- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “контракттын же негизинде салыктарды төлөө режимин колдонууга” деген сөздөр алып салынсын;

- 2-бөлүктүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

36) 370-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

37) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 60-глава менен толукталсын:

"60-Глава. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

390-берене. Жалпы жоболор

1 Жеке ишкер чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына ылайык салыктарды төлөөгө укуктуу (ушул главада мындан ары– салык төлөөчү).

2. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт, буга салыктардын төмөнкү түрлөрү кирбейт:

1) пайда салыгы;

2) сатуудан алынуучу салык

3. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга төмөндөгүлөр укуксуз:

1) КНСти төлөөчү болуп саналган жана/же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан жеке ишкер;

2) уюмдар.

4. Салык төлөөчү жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеден эсептелүүчү салыкты төлөө менен ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патент сатып алууга милдеттүү.

391-берене. Салык салуунун объекти

Салык төлөөчү жүзөгө ашырып жаткан ишкердик иштер салык салуунун объектиси болуп саналат.

392-берене. Салык мезгили

Календардык ай чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы үчүн салык мезгили болуп саналат.

393-берене. Салык базасы

Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатуудан түшкөн пайда чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык базасы болуп саналат.

394-берене. Салыктын ставкасы

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш үчүн салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин биринчи жылында - 0 пайыз;

2) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин экинчи жылы төлөөдө:

- накталай формада 1 пайыз;

- накталай эмес формада 0,5 пайыз;

3) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин үчүнчү жылы төлөөдө:

- накталай формада 2 пайыз;

- накталай эмес формада 1 пайыз;

4) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин төртүнчү жылы төлөөдө:

- накталай формада 3 пайыз;

- накталай эмес формада 1,5 пайыз;

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү мөөнөтү жана шарттары, колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

395-берене. Эсепке коюу, салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык отчеттуулугу

1. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жеке ишкерди эсепке коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

2. Салык мезгили үчүн жеке ишкердин салык милдеттенмелерин эсептөө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматтарынын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Отчеттук мезгил үчүн салык милдеттенмелеринин кошулган суммасы жөнүндө салык органдары салык төлөөчүгө кабарлоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Салык төлөөчү чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосунан кечиктирбестен ай сайын төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыкты төлөп жаткан салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын кошпогондо, салык отчеттуулугун берүүдөн бошотулат.

6. Салык төлөөчү тарабынан чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иши утурлаган текшерүүлөрдү кошпогондо, көчмө салык текшерүүсүнө алынбайт. Салык контролунун калган формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.».

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., №4, 285-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 219-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
  2. 220-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын::

2) “220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

1. Калк менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, ошого тете сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чек бербөө, чыгарбай коюуга же  төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет;”.

  1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2201, 2202 жана 2203-беренелер менен толукталсын:

2201-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык төлөөчүгө коюлган талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык төлөөчүгө коюлган талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу, ошого тете контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу –

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2202-берене. Контролдук-кассалык машиналарды каттоого жана пайдаланууга байланыштуу документтерди жасалмалоо

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жоопкерчилик каралган кылмыш белгилери жок болгон учурда контролдук-кассалык машиналарды каттоого жана(же) пайдаланууга байланыштуу документтерди жасалмалоо, ошого тете контролдук-кассалык чектерди жасалмалоо – 

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2203-берене. Салык органдарынын кызматкерлеринин товарларды эсепке алуунун, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн программалык каражаттарын жана контролдук-кассалык машиналарды текшерүүсүнө тоскоолдук кылуу

Салык органдарынын кызматкерлеринин товарларды эсепке алуунун, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн программалык каражаттарын жана контролдук-кассалык машиналарды текшерүүсүнө тоскоолдук кылуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.”.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., №5, 398-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

46-берененин 2-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункту менен толукталсын:

“61) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча чекене сатуулардан салык;”.

4-берене.

2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Мыйзамдын 1-беренесинин 2, 3, 17, 21, 22 жана 27-37-пункттарын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине,

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Бюджет кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси

4-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

29) "Электрондук идентификатор" - электрондук-эсептөө каражаттары аркылуу контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) аутентификациялоого мүмкүндүк берүүчү ККМдин идентификациялык белгиси.

34) Жок

35) Жок

36) Жок

37) Жок

4-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

29) Күчүн жоготту деп таанылсын.

 “34) “Фискалдык программалык камсыз кылуу” – төмөнкүлөр чагылдырылган салыктык, бажылык маалыматты чогултуу, берүү, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн колдонуучу программалык камсыз кылуу:

а) салыктар боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмелери;

б) салык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан салык төлөөчүнүн жеке маалыматтары.

35) “Маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору (мындан ары – Маркалоо оператору)» - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана ЕАЭБдин келишимдик базасына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм:

а) маалыматтарды чогултуу, берүү, иштеп чыгуу жана сактоо, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоону пайдалануу менен;

б) маркалоо системасынын иштеши жана товарларды маркалоону көзөмөлдөө.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин келишимдик базасына ылайык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында маркалоо оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:

- товарларды маркалоонун эмитент/ улуттук оператор (администратор) катары чыгуусу;

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин эмитенттери/операторлору менен макулдашууларды/контракттарды/келишимдерди түзүү;

- көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, анын ичинде товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо үчүн акы чогултууга.

36) «Фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор (мындан ары – ФМО)» –ыйгарым укуктуу салык органына же маркалоо операторуна корголгон түрдө маалыматтарды берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм.

37) «Программалык-талдоо каражаты» – салык төлөөчүнүн маалыматтарын талдоо жана контролдоо аркылуу жүргүзүлө турган программалык чечим.

31-берене. Салыктардын түрлөрү

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайда салыгы;

3) кошумча нарк салыгы;

4) акциз салыгы;

5) жер казынасын пайдалануу салыгы;

6) сатуу салыгы.

5. Жергиликтүү салыктарга төмөнкүлөр кирет:

1) жер салыгы;

2) мүлк салыгы;

6. Атайын салык режимдерине төмөнкүлөр кирет:

1) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;

4) салык контрактынын негизиндеги салыктар;

5) эркин экономикалык аймактардагы салык режими;

6) (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими.

8) Жок.

8) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы.

40-берене. Салык режимдери

3. Жалпы салык режими деп, төмөнкүдөй атайын салык режимдерин кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген режим саналат:

1) милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты;

3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын;

4) салык контрактынын негизиндеги салыкты;

5) эркин экономикалык аймактардагы салык режимин;

6) (КР 2014-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режимин.

(КР 2014-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8) жок

8) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

44-берене. Салык төлөөчүнүн милдеттери

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

13) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана товарларды маркалоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга.

14) Жок

Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипке ылайык колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну колдонууга.

Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

50-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдик укуктук актыларды ушул Кодексте белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүргүзүүгө;

3) салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин берүүнү талап кылууга;

4) салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн жана өз учурунда кармоонун, төлөөнүн тууралыгын тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай аймактарды, жайларды, документтерди жана нерселерди ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселелер боюнча ушул Кодексте белгилеген тартипте банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коммерциялык, банктык жана башка корголуучу купуя сырды түзүүчү маалыматтарды таратуу талаптарын сактоо менен, бул эсептердеги акчалардын калдыгы жана жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоого;

9) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, анын ичинде мажбурлоо менен салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандык аныкталганда аны четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

12) салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө байланыштуу ушул Кодекске ылайык башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат талап кылууга жана алууга;

13) салыктарды жыйноо боюнча контроль жүргүзүүгө;

14) салык контрактын түзүүгө;

15) Ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо.

16) Жок

17) Жок

18) Жок

16) фискалдык программалык камсыз кылуу функциялык багыттарга шайкештиги жагынан аны текшерүүнү жүргүзүүгө;

17) товардык материалдык байлыктардын калдыктарын алууга;

- салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчетту берген кийинки күндөн тартып 2 календарлык айдын ичинде бербегенде товарларды сатуу фактылары болгон учурда отчет берилүүгө тийиш болгон учурда;

- салыктык каттоосу жок ишкердик ишти жүргүзүү;

18) салык контролун жүргүзүү учурунда салыктык каттоо болбостон, патенттин негизинде салыкты төлөбөстөн ишти жүзөгө ашырган учурда, салык төлөөчүнүн ишкердиги менен байланышкан мүлктүн объекттерин мөөр басып бекитүүгө.

54-берене. Салыктык купуя сыр

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык купуя сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү), ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө;

2) салык төлөөчүнү кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө;

3) кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактуралары жана акциз жыйымынын маркалары жөнүндө;

4) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузгандыктары жана мындай бузгандыктар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары жөнүндө;

6) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.

2. Салыктык купуя сыр маалыматтарын төмөнкүлөргө берген учурларды кошпогондо, салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес:

1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук сактоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин же анын салыктык карыздарын белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин козгоо жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

6) алардын иш-аракетин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, салык жана укук сактоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган статистикалык ишти жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик статистика органдарына.

21. Жок

3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө карата салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга мүмкүн.

4. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаруу деп салык төлөөчү жөнүндө ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.

5. Салык кызматынын органына түшкөн, салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.

6. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салык текшерүүсүн жүргүзүүдөгү көрсөтмөкатта да көрсөтүлөт.

7. Салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчүгө карата алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

8. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн купуя сыр кесиптик же кызматтык иш-аракетине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

9. Салык кызматынын органдарынан салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды жана документтерди ушул беренеде каралган учурлардан тышкары талап кылууга мамлекеттик органдарга тыюу салынат.

10. Мамлекеттик органдардын ушул берененин 9-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

54-берене. Салыктык купуя сыр

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы, Маркалоо оператору же алардын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык купуя сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү), ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө;

2) салык төлөөчүнү кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө;

3) эсеп-фактуралары, акциз жыйымынын маркалары жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө;

4) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузгандыктары жана мындай бузгандыктар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары жөнүндө;

6) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.

2. Салыктык купуя сыр маалыматтарын төмөнкүлөргө берген учурларды кошпогондо, салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес:

1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук сактоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин же анын салыктык карыздарын белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин козгоо жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

6) алардын иш-аракетин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, салык жана укук сактоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган статистикалык ишти жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик статистика органдарына.

21. Маркалоо оператору салыктык сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.

3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө карата салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга мүмкүн.

4. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаруу деп салык төлөөчү жөнүндө ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдардын жана Маркалоо операторунун кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.

5. Салык кызматынын органына жана Маркалоо операторуна түшкөн, салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.

6. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын жетекчисинин жана Маркалоо операторунун жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салык текшерүүсүн жүргүзүүдөгү көрсөтмөкатта да көрсөтүлөт.

7. Салык кызматынын органдары, Маркалоо оператору жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчүгө карата алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

8. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн купуя сыр кесиптик же кызматтык иш-аракетине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

 9. Салык кызматынын органдарынан жана Маркалоо операторунун салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды жана документтерди ушул беренеде каралган учурлардан тышкары талап кылууга мамлекеттик органдарга тыюу салынат.

10. Мамлекеттик органдардын жана Маркалоо операторунун ушул берененин 9-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

94-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) "Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестри" - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтардын мамлекеттик базасы.

2) "Салыктык каттоо" - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.

3) "Салык органында каттоо" - салык төлөөчүнү салыктык же эсепке алуу каттоосу.

4) "Салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары" - салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндө ал салык органына билдирген маалыматтар.

5) "Салык төлөөчүнү каттоо картасы" - бекем отчеттуулуктагы бланк болуп саналган жана аны салыктык каттоо учурунда толтурулуучу идентификациялык салык номерин ыйгаруу жөнүндө документ.

6) "Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо" - салык төлөөчүнүн иш параметрлерин, анын ичинде өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн, салык салуу объекттеринин курамынын, иш жүргүзүү орду өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлүүчү иш-чаралар системасы.

7) Жок

8) Жок

9) Жок

7) «Контролдук-кассалык машиналар (мындан ары – ККМ) – фискалдык эске тутуусу же программалык камсыз кылуусу бар, фиксация функциясы, маалыматтарды сутка сайын (нөөмөт сайын) оңдолбой турган каттоосу, узак мезгил бою сактоосу жана коргогон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүсү бар аппараттык-программалык каражаттар.

Ушул аныктаманын максатында:

а) орнотулган программалык башкаруусу бар маалыматты чогултуучу, иштетүүчү жана берүүчү техникалык каражат фискалдык эске тутуусу бар аппараттык-программалык каражат болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары – аппараттык ККМ);

б) программалык камсыз кылуу болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары – программалык ККМ) деп интеграцияда иштеген кардарлардын тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо таанылат:

- реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен корголгон; же

- ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыздоочу ФМОнун маалымат системасы менен;

8) «ККМдин реестри» - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги жагынан белгиленген тартипте ырастоону алган ККМдин ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасындагы маалыматтардын жыйындысы;

9) «Фискалдык эс тутум» – ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынды маалыматты оңдолбой турган сутка сайын (нөөмөт сайын) каттоону жана узак мезгил бою сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.

96-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негизи, мөөнөтү жана тартиби

1. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:

1) субъекттин салыктык каттоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;

22) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген, субъектте салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү маалыматтын.

96-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негизи, мөөнөтү жана тартиби

1. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салыктык каттоо жөнүндө субъекттин арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызы кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ формасындагы арызы;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген, субъектте салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү маалыматтын.

14-глава

 Рейддик салыктык контроль. Фискалдык эсте сактоосу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу. Салык посту

14-глава

Рейддик салыктык контроль. ККМди колдонуу. Салык посту

108-берене. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсеп жүргүзүүчү адамдардан тышкарыда, кирешелер жана чыгашалар эсеби боюнча китепте сатып алуу же сатууларды жекече ишкер тарабынан каттоо;

5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.

6) Жок

2. Контролдук сатып алуудан тышкарыда, рейддик контроль айрым бир салык төлөөчүгө карата жылына 12ден ашуун жүргүзүлбөйт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ушул Кодекстин 103-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген, анын 3, 4 жана 10-пункттарынан тышкаркы, талаптарга ылайык жазылган буйрук жол-жоболоштурулат. Көрсөтмөдө текшерилүүчү аймактын участогу же мүлк, контролдун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Рейддик текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык таризделет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

108-берене. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсеп жүргүзүүчү адамдардан тышкарыда, кирешелер жана чыгашалар эсеби боюнча китепте сатып алуу же сатууларды жекече ишкер тарабынан каттоо;

5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү идентификациялык каражаттар менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын колдонуу;

2. Рейддик салык контролун кошпогондо, рейддик салык контролу, ошондой эле контролдук сатып алуу айрым салык төлөөчү же анын өзгөчө бөлүгү жагынан жылына 12 жолудан ашык жүргүзүлбөйт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн жазылган буйрук жол жоболоштурулат. Жазылган буйрук формасы жана рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

109-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же накталай акча жана электрондук акча, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө жүзөгө ашырылуучу калк менен, чакан ишкердиктин субъекттери жана салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөөчү субъекттер менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү колдонуу жана кагаз жана/же электрондук түрдө контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдө субъекттер фискалдык эске тутуусу бар техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп саналган ККМди, виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - виртуалдык ККМ) пайдаланууга укуктуу.

3. ККМ фискалдык эске тутуусу бар төмөнкүдөй техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу салык органына жана/же шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары мындан ары - ФМО маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга реалдуу убакыт режиминде фиксация жана маалыматтарды берүү функцияларына ээ;

2) товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу;

3) оңдолбой турган сутка сайын (смена сайын) каттоону жана маалыматты узак убакытка сактоону камсыз кылуучу.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн 24 сааттан ашуун болбошу ККМдин бузулушу менен теңдештирилет;

Фискалдык эске тутуу - ККМ колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана узак убакытка сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.

4. Виртуалдык ККМ - соода операцияларын жүзөгө ашырууда жана/же жумуштарды аткарууда, субъекттердин ортосунда кызмат көрсөтүүдө жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же аккредиттелген тастыктоочу борбор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук кол тамгасын пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга берүүдө фискалдык маалыматтарды алмашуу, көчүрмөлөө жана сактоо боюнча функцияларды аткаруучу программалык камсыз кылуу.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн фискалдык маалыматтарды берүү баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу уюм аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:

1) ККМдин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген виртуалдык ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан ары - мамлекеттик реестр);

2) мамлекеттик реестрди түзүү эрежелерин;

3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата, ошондой эле виртуалдык ККМдин операторлоруна карата талаптарды;

4) ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн жана ККМди пайдалануунун типтүү эрежелерин;

5) виртуалдык ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн, ага карата техникалык талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виртуалдык ККМди колдонуу менен иштөөгө милдеттүү болгон субъектиге карата талаптарды;

6) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго келип түшүүчү ККМди колдонуу жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартиби;

7) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же аккредиттелген тастыктоочу борбор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук кол тамгасын пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга уюмдардын маалыматтык системасы аркылуу келип түшүүчү виртуалдык ККМди колдонгону жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартибин.

6. ККМ, анын ичинде виртуалдык ККМ мамлекеттик реестрге киргизилет жана байланыш жана маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү корутундунун негизинде мамлекеттик реестрден чыгарылат.

Корутунду ККМдин, анын ичинде виртуалдык ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин тастыктоочу документ болуп саналат. Корутунду берүү тартиби Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабынан белгиленет.

109-берене. ККМди колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларынын же иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурунда накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карточкалары жана башка төлөм каражаттары аркылуу чектери аркылуу жүзөгө ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жана/же машинада окула турган түрдө контролдук-кассалык чекти/карт-чекти/смс бирдирүүнү берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Субъекттер калк менен акчалай эсептешүү учурунда ККМдин Реестрине киргизилген аппараттык ККМди же программалык ККМди колдонууга милдеттүү.

3. Күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:

1) Күчүн жоготту деп таанылсын;

2) ККМге карата техникалык корутундуну берүү жана ККМдин Реестрин түзүү тартиби;

3) технические требования к ККМ и требования к центрам технического обслуживания ККМ и ОФД;

3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата жана ФМОго карата талаптарды;

4) ККМди каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн;

5) Күчүн жоготту деп таанылсын.

6) Күчүн жоготту деп таанылсын.

7) Күчүн жоготту деп таанылсын.

6. ККМ байланыш жана маалыматташтыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМдин реестрине киргизилет жана ККМдин реестринен чыгарылат.

Техникалык корутунду ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген техникалык талаптарга шайкештигин/шайкеш эместигин ырастаган документ болуп саналат.

110-берене. ККМди колдонууга карата талаптар

1. Ушул Кодекске ылайык ККМди колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ККМди сатып алуу жана техникалык тейлөөгө коюу;

2) ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин ККМди каттоо;

3) ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;

4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди колдонуу;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте ККМди сатып алууга, каттоого жана колдонууга байланышкан документтерди жүргүзүү жана сактоо;

6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартиби сакталышын контролдоодо ККМге тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;

7) ККМди оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле фискалдык эске тутуусунда операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;

8) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда да ККМди ордунда колдонуу;

9) сатылып жаткан товарлардын баасын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди тастыктаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

11) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.

2. Жок

110-берене. ККМди колдонууга карата талаптар

1. Ушул Кодекске ылайык ККМди колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ККМди сатып алуу жана техникалык тейлөөгө коюу;

2) ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин ККМди каттоо;

3) ККМдин фискалдык эс туутумуна, башка ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;

4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди колдонуу;

5) Күчүн жоготту деп таанылсын.

6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартиби сакталышын контролдоодо ККМге жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;

7) ККМди оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле фискалдык эске тутуусунда операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;

8) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда да ККМди ордунда колдонуу;

9) сатылып жаткан товарлардын баасын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди тастыктаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;

10) ККМди каттоо, каттоодон чыгаруу жана оңдоо учурунда техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

11) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.

2.ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.

111-берене. ККМди колдонуу жана пайдалануу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо

1. ККМди колдонуу жана пайдалануу тартиби салык төлөөчүлөр тарабынан сакталышын контролдоону салык кызматынын органдары жүзөгө ашырат.

2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМдин оңдугу;

3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын же прейскуранттардын болушу;

5) ККМдин фискалдык эске тутуусунда мурда берилген чектин реквизиттеринин жана суммасынын болушу.

6) ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда турушу;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге ылайык келиши.

8) Жок

111-берене. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо

1. ККМди колдонуу тартиби салык төлөөчүлөр тарабынан сакталышын контролдоону салык кызматынын органдары жүзөгө ашырат.

2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМдин оңдугу;

3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын же прейскуранттардын болушу;

5) ККМдин фискалдык эске тутуусунда мурда берилген чектин реквизиттеринин жана суммасынын болушу.

6) реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда турушу;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге ылайык келиши.

8) ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык талаптарга шайкештиги.

112-берене. Салык посту

1. Товарлардын жана акча каражаттарынын толук эсебин алуу максатында салык органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.

2. Салык посту төмөнкү субъекттерде орнотулат:

1) акциздик товарларды чыгаруучуларда;

2) салык карызы барларда;

3) коммерциялык эмес уюмдарды кошпогондо, салык көрсөткүчтөрүн дайыма нөлдүк көрсөткүчтөрү менен бергендерде;

4) ишин коомдук тамак-аш, соода жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө жүзөгө ашыргандарда;

5) пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашыргандарда.

3. Салык посту орнотулган субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

112-берене. Салык посту

1. Товарлардын жана акча каражаттарынын толук эсебин алуу максатында салык органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.

2. Салык посту төмөнкү субъекттерде орнотулат:

1) акциздик товарларды чыгаруучуларда;

2) салык карызы барларда;

3) коммерциялык эмес уюмдарды кошпогондо, салык көрсөткүчтөрүн дайыма нөлдүк көрсөткүчтөрү менен бергендерде;

4) ишин коомдук тамак-аш, соода кызмат көрсөтүүлөрүн жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө жүзөгө ашыргандарда;

5) пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашыргандарда.

3. Салык посту орнотулган субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

126-берене. Салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү;

2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга.

8) Жок

2. Жок

126-берене. Салык кызматы органдарынын банк менен жана төлөм уюму/төлөм системасынын оператору менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү;

2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга.

8) POS-терминалдары аркылуу эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө.

2. Салык кызматы органдары банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору менен өз ара иш алып баруу максатында жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт ыргагында берүүгө милдеттүү. Берилүүчү маалыматтын тартиби жана ага карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

216-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

1. Пайдага салык төлөөчү биротоло эсептешүүнү жүргүзөт жана салыкты бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин төлөйт.

1-1. Салыктын биротоло суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:

1) отчеттук салык мезгилиндеги пайдага салыктын алдын-ала эсептелген суммасынын;

2) ушул Кодекстин 220-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетке төлөнгөн салыктын суммасынын;

3) ККМди же ушул берененин 1-2-бөлүгүнө ылайык аныкталган фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштөрдү сатып алууга чыгымдардын суммасынын.

1-2. Салык төлөөчү пайдага салыктын суммасын ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү сатып алуу чыгымдарынын суммасына салык төлөөчү төмөнкү шарттарды сактаган учурда 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө азайтууга укуктуу:

216-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

1. Пайдага салык төлөөчү биротоло эсептешүүнү жүргүзөт жана салыкты бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин төлөйт.

1-1. Салыктын биротоло суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:

1) отчеттук салык мезгилиндеги пайдага салыктын алдын-ала эсептелген суммасынын;

2) ушул Кодекстин 220-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетке төлөнгөн салыктын суммасынын;

3) ККМди же ушул берененин 1-2-бөлүгүнө ылайык аныкталган фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштөрдү сатып алууга чыгымдардын суммасынын.

1-2. Салык төлөөчү пайдага салыктын суммасын ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү сатып алуу чыгымдарынын суммасына салык төлөөчү төмөнкү шарттарды сактаган учурда 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ККМдин  ар бир бирдигине же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнөн ашпаган өлчөмдө азайтууга укуктуу:

230-берене. КНС боюнча каттоого алууну жокко чыгаруу

1. Эгерде беримдердин салык салынуучу наркы акыркы 12 айдын ичинде каттоо чегинен ашпаса, КНС боюнча каттоодон өткөн салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Салык салынуучу субъект жоюу же кайра уюштуруу аркылуу банкрот болгондо КНС боюнча каттоо жокко чыгарылат. Каттоону жокко чыгаруу банкроттук жол-жобо башталган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү атайын администратордун арызы боюнча жүргүзүлөт.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Салык салынуучу субъект, эгерде ал жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирбестен жоюлууга байланыштуу салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууну токтотсо, каттоону жокко чыгаруу максатында салык органдарына кайрылууга милдеттүү.

31. Жок

4. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык кызматы органдары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырганга чейин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө ниети токтотулса, КНС боюнча ыктыярдуу каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

31. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык салынуучу субъект бул режим колдонулган күндөн тартып беш күндүн ичинде каттоону жоюу максатында салык органдарына кайрылууга милдеттүү.

4. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык кызматы органдары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырганга чейин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө ниети токтотулса, КНС боюнча ыктыярдуу каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

Жок

2501-берене. Товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жеткирүү

Товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жеткирүү КНСтен бошотулган жеткирүү болуп эсептелет.

257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын товарлар;

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар;

4) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык);

6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка;

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;

8) гуманитардык жардам жана/же, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте;

257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын товарлар;

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар;

4) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык);

6) акциздик жыйымдын маркалары, идентификациялоо каражаттары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка;

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;

8) гуманитардык жардам жана/же, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте;

270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби

…………………………………………

3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган кириштөө укугу төмөнкүдөй шарттарда пайда болот:

1) салык салынуучу субъектиге:

а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчү салык салынуучу субъект тарабынан берилсе; жана

б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактура жазып берилсе; жана/же

в) кассалык чек жана/же товардык чек жазып берилип, аларда: салык салынуучу субъект-берүүчүнүн аталышы жана индентификациялык салыктык номери; товарлардын аталышы, саны жана наркы ушул Кодекстин 282-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.

2) (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Бажы бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:

а) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана

б) ал боюнча бюджетке КНС төлөнгөндө;

5) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:

а) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү милдеттери аткарылганда; жана

б) ал боюнча ушул бөлүмгө ылайык бюджетке КНС төлөнгөндө.

270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби

……………………………………………..

3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган кириштөө укугу төмөнкүдөй шарттарда пайда болот:

1) салык салынуучу субъектиге:

а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчү салык салынуучу субъект тарабынан берилсе; жана

б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактура жазып берилсе; жана/же

в) кассалык чек жана/же товардык чек жазып берилип, аларда: салык салынуучу субъект-берүүчүнүн аталышы жана индентификациялык салыктык номери; товарлардын аталышы, саны жана наркы ушул Кодекстин 282-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.

2) (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Бажы бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан салык салынуучу субъект тарабынан товарларды импорттоодо:

а) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана

б) ал боюнча бюджетке КНС төлөнгөндө;

5) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан салык салынуучу субъект тарабынан товарларды импорттоодо:

а) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү милдеттери аткарылганда; жана

б) ал боюнча ушул бөлүмгө ылайык бюджетке КНС төлөнгөндө.

271-берене. Кириштелүүгө жатпаган сатып алынуучу материалдык ресурстардан алынуучу КНС

1. Салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн эмес сатып алынган материалдык ресурстарга карата сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

2. Бош убакытты өткөрүү, оюн-зоокту уюштуруу максатында сатып алынган, салык салынуучу субъект тарабынан оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн сатылып алынгандардан башка материалдык ресурстарга карата КНСти эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

3. Эгерде мындай КНС ушул Кодекстин жоболорун бузуу менен эсепке алынса, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС материалдык ресурстардын табигый чыгымдын (коромжу нормативдеринин) чегинен ашыгы эсепке алынууга тийиш эмес.

5. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп эсептелген эсеп-фактуралар боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

6. Эсеп-фактурада белгиленген формада каралган бардык реквизиттери толтурулбаган эсеп-фактуралар боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

7. Эсепке алынбоочу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС ушул берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда материалдык ресурстардын эсептик наркына киргизилет.

8. КНСти жана сатуудан салыкты эсепке албаганда наркынын суммасы КНС боюнча отчеттук салык мезгил үчүн 300,0 миң сомдон ашкан Кыргыз Республикасынын аймагында накталай формада сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС боюнча эсепке алынууга жатпайт.

9. Жок.

9. Эгерде салык салынуучу субъект ушул кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган учурда, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

277-1- берене. Жок

«2771-берене. Шарттуу эсепке алуу учурунда импортко КНСти төлөө тартиби

1. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсепке алуу режимин колдонууга укуктуу.

Ушул берененин максатында импортко КНСти шарттуу эсепке алуу деп КНСти төлөө тартиби түшүнүлөт, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо учурунда товарлардын маалыматтарын Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин экспорттоого милдеттүү шарт менен эсептелген КНСтин суммасын казыналыктын системасында ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү.

2. Импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датадан тартып 180 күндүн ичинде товарлардын экспорту ырасталган учурда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тартипке ылайык салык төлөөчү депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНСтин суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча анын эсептешүү эсебине кайра кайтарылат.

4. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган учурда, депозиттик эсепке төлөнгөн импортко КНСтин суммасы бюджетке которулат.»;

286-берене. Салыктык база

1. Акциздер боюнча салыктык база:

1) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын физикалык көлөмү; жана/же

2) акциздик товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган сатылуучу баасы; жана/же

3) акциздик товардын Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу бажылык наркы; жана/же

4) акциздик товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган рыноктук баасы - товар өндүрүүчү тарабынан акциздик товар накталай төлөм, белек катары берилгенде, күрөөгө коюлган товарлар күрөө кармоочунун менчигине өткөрүлгөндө же алмашуу операциясында, ошондой эле акысыз негизде берилгенде жана/же.

5) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү.

6) жок

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу керектөөчүгө өткөн акциздик товар түшүндүрүлөт.

2. Ушул берененин нормалары товарлар өздүк же берилген сырьедон өндүрүлгөнүнө карабастан колдонулат.

3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүн оңдоо ушул Кодекстин 282-20-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

286-берене. Салыктык база

1. Акциздер боюнча салыктык база:

1) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын физикалык көлөмү; жана/же

2) Күчүн жоготту деп таанылсын;

3) Күчүн жоготту деп таанылсын;

4) Күчүн жоготту деп таанылсын;

5) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү; жана/же

6) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон импорттолгон акциздик товардын физикалык көлөмү.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу керектөөчүгө өткөн акциздик товар түшүндүрүлөт.

2. Ушул берененин нормалары товарлар өздүк же берилген сырьедон өндүрүлгөнүнө карабастан колдонулат.

3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүн оңдоо ушул Кодекстин 282-20-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

290-берене. Төлөөнүн жана салыктык отчетту берүүнүн мөөнөтү

1. Акциз төмөнкүдөй мөөнөттөрдө төлөнөт:

1) Акциз жыйымынын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлгөн жана (же) импорттолуп келген акциздик товарлар боюнча, аракты кошпогондо (коду ТЭИ ТН 220860) - акциздик маркалар алынганга чейин же алынган күнү;

2) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн аныктала турган күндө;

3) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес.

290-берене. Төлөөнүн жана салыктык отчетту берүүнүн мөөнөтү

1. Акциз төмөнкүдөй мөөнөттөрдө төлөнөт:

1) Акциз жыйымынын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлгөн жана (же) импорттолуп келген акциздик товарлар боюнча, аракты кошпогондо (коду ТЭИ ТН 220860) - акциздик маркалар алынганга чейин же алынган күнү;

2) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн аныктала турган күндө;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана/же Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес.

291-берене. Атайын эрежелер

1. Бул Кодекстин 292 жана 293-беренелери иштетүүгө берилген сырьедон жасалган жана экспортко чыгарылчу акцизделчү товарга карата колдонулат.

291-берене. Атайын эрежелер

1. Бул Кодекстин 292 жана 293-беренелери иштетүүгө берилген сырьедон жасалган жана экспортко чыгарылчу акцизделчү товарга карата колдонулат.

353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмекке ылайык жеке эмгектик ишин же жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу бар.

2. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жактар (мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөшөт:

1) пайдага салык;

2) сатуулардан салык.

Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.

353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмекке ылайык жеке эмгектик ишин же жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу бар.

2. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жактар (мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөшөт:

1) пайдага салык;

2) сатуулардан салык.

Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.

357-берене. Жалпы жоболор

1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон ишке карата чакан ишкерлик субъектилери тарабынан төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөө укугун карайт:

1) пайдадан алынуучу салыктын;

2) сатуудан алынуучу салыктын.

11. Жок

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон чакан ишкерлик субъектилери (мындан ары ушул главада - салык төлөөчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык эсебин эсептөөнү кассалык ыкмага ылайык жүргүзүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте фискалдык эс тутуму бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууга;

3) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды ушул Кодекске ылайык төлөөгө.

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

4. Салык төлөөчү ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеге жараша эсептелген, ар бир жалданма кызматкердин эмгек акысынан белгиленген киреше салыгынын суммасын кармап калат жана төлөп берет.

357-берене. Жалпы жоболор

1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон ишке карата чакан ишкерлик субъектилери тарабынан төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөө укугун карайт:

1) пайдадан алынуучу салыктын;

2) сатуудан алынуучу салыктын.

11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект ушул глава ылайык төмөнкүлөрдун ордуна бирдиктүү салыкты төлөөгө милдеттүү:

1) пайдадан алынуучу салыктын;

2) сатуудан алынуучу салыктын;

3) салык салынуучу беримдерге КНСтин.»;

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон субъект (мындан ары ушул главада - салык төлөөчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) күчүн жоготтту деп таанылсын;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМди колдонууга;

3) ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды ушул Кодекске ылайык төлөөгө.

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте эсеп-фактураларды колдонууга"

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

4. Салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ар бир жалданма кызматкердин эмгек акысынан жалданма кызматкерге киреше салыгынын суммасын кармап калат жана төлөп берет.

358-берене. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби

1. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу системасын өз алдынча тандап алууга укуктуу.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү:

1) кайрадан катталган субъектилер үчүн - салыктык катталган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде;

2) иштеп жаткан субъектилер үчүн - учурдагы жылдын 1-декабрына чейин.

21. Жок

3. Ушул главада белгиленген шарттарга туура келбеген учурларда салык төлөөчү кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине өтөт.

4. КНС боюнча каттоо чегинен ашкан учурда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

5. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан өз ыктыяры менен чыгууда салык төлөөчү бул чечим тууралуу ушул салык салуу системасынан чыгууга чейин жок дегенде бир ай калганда салык органына маалымдоого милдеттүү. Мындай учурда бирдиктүү салыкты төлөөчү катары эсептен чыгаруу кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан үч жылдан кийин гана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына кайрадан өтүүгө укуктуу.

358-берене. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби

1. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу системасын өз алдынча тандап алууга укуктуу.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

21. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүчө күчүнө кирет:

- жаңыдан катталган салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо учурунан тартып;

- иштеп жаткан салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөөчү каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

- ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн аталган режим колдонулган учурдан тартып.»;

3. Ушул главада белгиленген шарттарга туура келбеген учурларда салык төлөөчү кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине өтөт.

4. КНС боюнча каттоо чегинен ашкан учурда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

5. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан өз ыктыяры менен чыгууда салык төлөөчү бул чечим тууралуу ушул салык салуу системасынан чыгууга чейин жок дегенде бир ай калганда салык органына маалымдоого милдеттүү. Мындай учурда бирдиктүү салыкты төлөөчү катары эсептен чыгаруу биринчи күнүнөн тартып:

- ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн кийинки жылы;

- кийинки айда калган салык төлөөчүлөр үчүн күчүнө кирет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан үч жылдан кийин гана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына кайрадан өтүүгө укуктуу.

359-берене. Салык төлөөчүлөр

1. Эгерде бир эле убакта төмөнкүдөй шарттар сакталса, чакан ишкердиктин субъекти салык төлөөчү болуп саналат:

1) жыл үчүн акчанын көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;

2) КНС боюнча салык төлөөчү болуп саналбаса.

2. Салык төлөөчүлөр үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү укугу мурунку жыл үчүн кассалык ыкма менен эсептелген дүң түшкөн акчанын өлчөмүнө жараша, ал эми жаңыдан катталган салык төлөөчүлөр үчүн - салык төлөөчүнүн болжолдуу маалыматтарына жараша аныкталат.

3. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;

2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъектилерге;

3) инвестициялык фонддорго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;

5) акциздик салыктын салык төлөөчүлөрүнө;

6) коомдук тамактануу субъекттерине;

7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине.

359-берене. Салык төлөөчүлөр

1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Чакан ишкер субъекти, эгер бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталса:

- жыл үчүн түшкөн акчанын көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;

- КНС төлөөчү болуп эсептелбесе;

2) Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект.»;

2. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү укугу мурунку жыл үчүн кассалык ыкма менен эсептелген дүң түшкөн акчанын өлчөмүнө жараша, ал эми жаңыдан катталган чакан ишкердиктин субъекттери үчүн - салык төлөөчүнүн болжолдуу маалыматтарына жараша аныкталат.

3. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;

2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъектилерге;

3) инвестициялык фонддорго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;

5) акциздик салыктын салык төлөөчүлөрүнө;

6) коомдук тамактануу субъекттерине;

7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине.

361-берене. Салыктык база

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча салык салуунун базасы болуп саналат.

2. Ушул Кодекстин 358-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, салыктык база КНС эсептебегенде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча болуп саналат.

3. Жок

3. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн товардын наркы салыктык база болуп саналат

362-берене. Салыктын ставкалары

1. Салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:

а) 4 пайыз - накталай формада;

б) 2 пайыз - накталай эмес формада;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) 6 пайыз - накталай формада;

б) 3 пайыз - накталай эмес формада.

11. Жок

2. Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү иштин ар бир түрү боюнча, иштин ушул түрлөрү үчүн өзүнчө белгиленген салыкты эсептейт жана төлөйт.

362-берене. Салыктын ставкалары

 1. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден башка салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:

а) 4 пайыз - накталай формада;

б) 2 пайыз - накталай эмес формада;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) 6 пайыз - накталай формада;

б) 3 пайыз - накталай эмес формада.

11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект 3 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.

2. Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден башка салык төлөөчү иштин ар бир түрү боюнча, иштин ушул түрлөрү үчүн өзүнчө белгиленген салыкты эсептейт жана төлөйт.

363-берене. Салыктык мезгил

Бирдиктүү салык үчүн салыктык мезгил болуп бир квартал эсептелет.

363-берене. Салыктык мезгил

Салык мезгили болуп төмөнкүлөр саналат:

1)           чакан ишкерликтин субъекттери үчүн - бир квартал;

2) ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн - календардык ай.

365-берене. Салыктык отчет берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кийинки күндөн кечиктирбестен ар кварталдык салык отчетун;

2) отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кийинки күндөн кечиктирбей салыктык бирдиктүү декларацияны.

2. Салык төлөөчү кварталдан кийинки айдын 15инен кийинки күндөн кечиктирбестен ар квартал сайын бирдиктүү салыкты төлөөгө милдеттүү.

3. Жок

365-берене. Салыктык отчет берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык төлөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ар кварталдык салык отчетун;

2) ушул Кодекстин 92-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө салыктык бирдиктүү декларацияны.

2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, чакан ишкердиктин субъектиси квартал сайын кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бирдиктүү салыкты төлөөгө милдеттүү

3. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салык отчетун берүүгө жана бирдиктүү салык төлөөгө милдеттүү.

367-берене. Салыктык контракт ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн чектөөлөр

Төмөнкүлөр контракттын негизинде салык төлөөчүлөр боло алышпайт:

1) милдеттүү патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттер;

2) кредиттик, финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъектилер;

3) инвестициялык жана пенсиялык фонддор;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;

5) салыктык карызы бар субъектилер;

6) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөгөн салык төлөөчүлөр;

7) акциздик салыктын салык төлөөчүлөрү;

8) коомдук тамактануу, курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн жана турак жайларды куруучулардын субъекттерин кошпогондо, 3 жылдан аз экономикалык иш жүргүзгөн субъектилер;

9) ишти 3 айдан кем жүзөгө ашырып жаткан коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери.

367-берене. Салык контрактынын негизиндеги салык төлөөчүлөр

Курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери, коомдук тамактануу жана турак жай куруучулар контракттын негизинде салык төлөөчүлөр боло алышат.

369-берене. Контракт ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткарууга өтүү тартиби

1. Контракттын же контракты кайра түзүүнүн негизинде салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү, турак-жайларды куруучуларды копшогондо, салык контрагынын негизинде салык төлөөчү катары салык кызматынын органына тиешелүүлүгүнө жараша, контракт түзүлгөн же кайра түзүлгөн жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен арыз берүүгө милдеттүү.

Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери кайсы айда болбосун салык контрагын түзүүгө укуктуу.

2. Контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө арыз салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.

Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

1) салык төлөөчүнүн аталышы;

2) салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;

3) идентификациялык салык номери;

4) финансылык ишинин натыйжалары;

5) мурунку үч жыл үчүн салыктык милдеттенмелеринин өлчөмдөрү;

6) контракт үчүн базалык көрсөткүчтөр.

369-берене. Контракт ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткарууга өтүү тартиби

1. Контракты кайра түзүүнүн ниеттенген салык төлөөчү, турак-жайларды куруучуларды копшогондо, салык контрагынын негизинде салык төлөөчү катары салык кызматынын органына тиешелүүлүгүнө жараша, контракт түзүлгөн же кайра түзүлгөн жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен арыз берүүгө милдеттүү.

Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери кайсы айда болбосун салык контрагын түзүүгө укуктуу.

2. Контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө арыз салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.

Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

1) салык төлөөчүнүн аталышы;

2) салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;

3) идентификациялык салык номери;

4) финансылык ишинин натыйжалары;

5) күчүн жоготту деп таанылсын;

6) контракт үчүн базалык көрсөткүчтөр.

370-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелердин суммасын эсептөө

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, контракт боюнча салыктык милдеттенмелердин суммасы контракты түзүүнүн биринчи жылы үчүн 25 пайыздан кем эмес, мурунку 3 жыл үчүн салыктык милдеттенмелердин эң чоң суммасынан ашкан өлчөмдө кабыл алынат.

2. Коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери үчүн контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасы салык постунун натыйжаларынын негизинде аныкталат.

370-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелердин суммасын эсептөө

1. Күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери үчүн контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасы салык постунун натыйжаларынын негизинде аныкталат.

60-глава. Жок.

60-глава
Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

390-берене. Жалпы жоболор

1 Жеке ишкер чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына ылайык салыктарды төлөөгө укуктуу (ушул главада мындан ары– салык төлөөчү).

2. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт, ага салыктардын төмөнкү түрлөрү кирбейт:

1) пайда салыгы;

2) сатуудан алынуучу салык

3. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга төмөндөгүлөр укуксуз:

1) КНСти төлөөчү болуп саналган жана/же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан жеке ишкер;

2) уюмдар.

4. Салык төлөөчү жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеден эсептелүүчү салыкты төлөө менен ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патент сатып алууга милдеттүү.

392-берене. Салык мезгили

Календардык ай чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы үчүн салык мезгили болуп саналат.

393-берене. Салык базасы

Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатуудан түшкөн пайда чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык базасы болуп саналат.

393-берене. Салык базасы

Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатуудан түшкөн пайда чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык базасы болуп саналат.

394-берене. Салыктын ставкасы

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш үчүн салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин биринчи жылында - 0 пайыз;

2) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин экинчи жылы төлөөдө:

- накталай формада 1 пайыз;

- накталай эмес формада 0,5 пайыз;

3) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин үчүнчү жылы төлөөдө:

- накталай формада 2 пайыз;

- накталай эмес формада 1 пайыз;

4) ушул салык режими колдонулган күндөн тартып иштин төртүнчү жылы төлөөдө:

- накталай формада 3 пайыз;

- накталай эмес формада 1,5 пайыз;

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү мөөнөтү жана шарттары, колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

395-берене. Эсепке коюу, салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык отчеттуулугу

1. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жеке ишкерди эсепке коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

2. Салык мезгили үчүн жеке ишкердин салык милдеттенмелерин эсептөө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматтарынын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Отчеттук мезгил үчүн салык милдеттенмелеринин кошулган суммасы жөнүндө салык органдары салык төлөөчүгө кабарлоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Салык төлөөчү чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосунан кечиктирбестен ай сайын төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыкты төлөп жаткан салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын кошпогондо, салык отчеттуулугун берүүдөн бошотулат.

6. Салык төлөөчү тарабынан чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иши утурлаган текшерүүлөрдү кошпогондо, көчмө салык текшерүүсүнө алынбайт. Салык контролунун калган формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.».

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси

219-берене. Документтердин сакталышын камсыз кылбоо

Контролдук-кассалык машиналарды (контролдук ленталарды) пайдалануу менен байланышкан документтердин сакталышын камсыз кылбоо же белгиленген тартибин бузуу менен кассир-операционисттин китепчесин жүргүзүү -

1-категориядагы айып пул сатууга алып келет.

219-берене. Документтердин сакталышын камсыз кылбоо

Күчүн жоготту деп таанылсын

220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

Калк менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

Калк менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошого тете сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чек бербөө, чыгарбай коюуга же  төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2201-берене. Жок

2201-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык төлөөчүгө коюлган талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык төлөөчүгө коюлган талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу, ошого тете контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу –

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2202-берене. Жок

2202-берене. Контролдук-кассалык машиналарды каттоого жана пайдаланууга байланыштуу документтерди жасалмалоо

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жоопкерчилик каралган кылмыш белгилери жок болгон учурда контролдук-кассалык машиналарды каттоого жана(же) пайдаланууга байланыштуу документтерди жасалмалоо, ошого тете контролдук-кассалык чектерди жасалмалоо - 

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2203-берене. Жок

2203-берене. Салык органдарынын кызматкерлеринин товарларды эсепке алуунун, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн программалык каражаттарын жана контролдук-кассалык машиналарды текшерүүсүнө тоскоолдук кылуу

Салык органдарынын кызматкерлеринин товарларды эсепке алуунун, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн программалык каражаттарын жана контролдук-кассалык машиналарды текшерүүсүнө тоскоолдук кылуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси

46-берене. Жалпы мамлекеттик кирешелер

1. Жалпы мамлекеттик кирешелер - чегерүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүгө жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген бюджеттердин кирешелери.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелерге төмөнкүлөр таандык:

1) киреше салыгы;

2) сатуулардан салык;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

5) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

6) салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык;

61) жок

7) жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн төлөмдөр;

8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр.

3. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченеми ар жылдык республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленет.

61) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча чекене сатуулардан салык