2020-жылдын 25-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

21-02-2020 11:43

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 25-февралындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №431 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г., Айдаров С., Жапаров А., Тулендыбаев П., Гаипкулов И., Икрамов Т., Арапбаев А., Примов У. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-24289/19 11.11.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты Ж.Турускулов тарабынан демилгеленген «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-2152/19 16.10.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, С.Айдаров, А.Касымалиева, А.Абжалиев, И.Гайпкулов, А.Жээнбеков, А.Нурбаев, Ч.Турсунбеков, У.Примов, Ж.Турускулов, Б.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-21178/19 11.10.19ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы №729 токтому менен жактырылган “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Ураимович.

 

6. Ар кандай маселелер.

«Кыргызтелеком» ААКнун туунду компанияларына тиешелүү болгон «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу бөлүгүндө «Кыргызтелеком» ААКнун кайрылуусу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри -Джаманкулов Марат Турганбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Байзакова Нурида Асановна.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 380