2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

28-02-2020 15:19

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 3-мартындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Өмүркулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-18239/19 19.09.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Өмүркулов Иса Шейшенкулович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору – Аманкулов Мирслав Акалович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы – Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович.

 

2. «Мамлекеттик алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги №159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору – Таштаналиев Кокумбек Жумагулович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар:Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Асрандиев Эркин Шамшудинович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек Зарлыкович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору – Адилбек уулу Шумкарбек;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турк жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору – Кокочаров Урматбек Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – Дамир уулу Максат.

 

4. Ар кандай маселелер.

 «Кыргызтелеком» ААКнун туунду компанияларына тиешелүү болгон «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын колдонуу бөлүгүндө «Кыргызтелеком» ААКнун кайрылуусу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору – Байзакова Нурида Асановна.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 419