2020-жылдын 10-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

05-03-2020 10:23

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 10-мартындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г., Айдаров С., Жапаров А., Тулендыбаев П., Гаипкулов И., Икрамов Т., Арапбаев А., Примов У. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-24289/19 11.11.19-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  Д.Д.Бекешев, А.Ш.Осмонова, О.А.Алыбаев, А.Ү.Жапаров, И.Т.Гаипкулов, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын  айрым мыйзам актыларына («Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-9810/19 29.04.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далайбаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мавлянова, Э.Байбакпаев, И.Пирматов, Д.Торокулов, А.Эргешов, А.Осмонова, А.Касымалиева, А.Алтынбеков, М.Абдылдаев, А.Абжалиев, Э.Сурабалдиева, А.Мамашова, У.Примов, А.Исмаилова тарабынан демилгеленген «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-7051/18 11.04.18-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Мавлянова Махабат Эргешовна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри – Чолпонбаев Космосбек Сариевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Бокоев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-16617/19 16.07.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бокоев Кенжебек Сатымкулович.

Чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы – Калиева Гульбара Утюровна;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы №24 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Алиев Бекболот Абдыганыевич;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы №28 токтому менен жактырылган «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

7. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун макулдашуу тууралуу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 405