2020-жылдын 19-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

15-05-2020 17:41

ДОЛБООР

 

2020-жылдын  19-майындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин  жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

     

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  Д.Д.Бекешев, А.Ш.Осмонова, О.А.Алыбаев, А.Ү.Жапаров, И.Т.Гаипкулов, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын  айрым мыйзам актыларына («Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2019-ж. 29-апрелиндеги № 6-9810/19) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далайбаевич;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы №24 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Алиев Бекболот Абдыганыевич;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмиль Кубатович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, Ж.Акаев, А. Жээнбеков, Т. Зулпукаров, К. Керезбеков, А. Сулайманов жана И.Омуркулов тарабынан демилгеленген «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-23579/19 11.11.2019- ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович.

Чакырылгандар:  Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги -  Шумкарбек Адилбек уулу. 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев тарабынан демилгеленген «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-1201/20 24.01.2020-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Рыспаев Кожобек Джайчыбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович;

Бишкек шаарынын мэри – Суракматов Азиз Эмильбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, А.Жээнбеков, А.Осмонова жана Д. Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-2445/20 07.02.20-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри – Айдарбеков Чынгыз Азаматович;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри - Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.


         6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Маматалиев, Т. Зулпукаров, А. Жеенбеков, С. Келдибаев, А. Нурбаев, Н. Тотонов, Т. Жоробеков, Жунус уулу Алтынбек, А. Дюшалиев, А. Жапаров жана Ж.Акаев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (№6-4693/20 05.03.2020-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Маматалиев Марлен Абдырахманович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Азимов Алмазбек Курбаналиевич;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатуп алуулар департаментинин директору- Байзакова Нурида Асановна.

 

           7. “Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-Байбакпаев Экмат Джурукбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы –Торутаев Алтынбек Элимович.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы №653 токтому менен жактырылган «1999-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешеге салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары –Алиев Бекболот Абдыганиевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы- Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы №150 токтому менен жактырылган “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары –Алиев Бекболот Абдыганиевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы- Торутаев Алтынбек Элимович.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №161 токтому менен жактырылган “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Алиев Бекболот Абдыганиевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары - Карагулова Айдай Нурдиновна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары - Мамбетжунушева Эльнура Ырыскелдиевна.

.

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылга тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы- Абдыгулов Толкунбек Сагыналиевич.

 

12. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

 

Көрүүлөрдүн саны : 334